www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Балалуу болууга эч качан кеч эмес! Индияда 74 жаштагы кемпир эгиз төрөдү

Алтын Булат 06-сентябрь 2019, 15:30

Дүйнө жүзүндө Коом


ВИДЕО - Балалуу болууга эч качан кеч эмес! Индияда 74 жаштагы кемпир эгиз төрөдү

Индиянын Андхра-Прадеш штатынын Эрраматти Мангаямма аттуу тургуну дөйнөдүгү эң эле улгайган апа болду. Ал эконун жардамы менен эгиз кыз төрөгөн. Коомчулук буга “шок” болуп, бул маалыматка ишенип, ишенбей турган чагы.

Төрөттү кабыл алган жергиликтүү клиниканын директору, улгайган апаны кесерево жолу менен төрөткөнүн, учурда эненин жана эгиз кыздарынын ден-соолугу жакшы экенин билдирген.

Айтылгандай, 74 жаштагы Мангаямма менен анын 80 жаштагы абышкасы Рая Рао 1962-жылдан бери чогуу жашап келишет. Алардын буга чейинки балалуу болуу тилеги ишке ашпай келген болучу.

Эске сала кетсек, Мангаяма улгайган жашында төрөгөн экинчи апа. Буга чейин дүйнөдөгү улгайган апа катары, ошол эле Индиянын Музаффарнагар шаарынын тургуну Омкари Панвар эсептелип келген. Ал дагы 70 жаш курагында эгиз төрөгөн.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83