www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раиса Атамбаева кайсы ишкерлерди колдоп келген?

Нурбек Айдар 06-сентябрь 2019, 17:44

Кылмыш жана кырсык Саясат


Раиса Атамбаева кайсы ишкерлерди колдоп келген?

Мындан бир нече күн мурун президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы, “соттордун куратору” атыккан Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн жана башка далилдердин негизинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголгон.

Манас Арабаев тергөөгө кытай бизнесмендери Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга тийиштиги бар деп мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. Ага ылайык, кытайлык ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз түрдө тартып алып, аларга сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөн. Эми Манас Арабаев "мага Раиса Атамбаева түз көрсөтмө берген" деп айтып, буга чейин өзүн колдоп келген адамды да ала жатууда.  

Кытайлык ишкерлердин үйүн тартып алганга Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Элвира Жаркеева да аралашкан деп күнөөлөнүп, ал да камалган.

Жакында "Дело номер" гезити да макала чыгарып, анда Раиса Атамбаеванын рейдерликке түздөн-түз аралашканы боюнча далилдерди келтирип, кытай ишкерлери жана ортомчулар менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Андагы маалыматта, жабырлануучу кытай ишкерлери Кыргызстанга келип иш башташканда көптөгөн кысымдарга дуушар болуп, акырында Кыргызстанда “крыша” болбосо иштеп кетүүгө мүмкүн эместигине ишенип, бийлик тараптан колдоо издеп башташкан. Ошентип, алар кандайдыр бир жолдор менен Атамбаевага чыгышат. Раиса Атамбаева алардан канча “доля” алганы белгисиз, бирок башында колдоп келген менен, аягында алардын бизнесин башкалар тартып алуусуна жардам берген.  

Раиса айым өзү саясатка, соттордун ишине аралашкан эмесмин, бизге карата саясий куугундук болуп жатат деп анткорлонуп жүрөт. Бирок анын бир эле бизнес эмес сот тармагын да жеке көзөмөлдөп, күнөөсүз адамдардын тагдырын каалагандай калчап келгени ачыкка чыгууда. Али алдыда дагы канчалаган сенсациялар, “кара” иштеринин бети ачылат белгисиз. Айтоор, Раиса Атамбаевага да колу менен кылганын мойну менен тартчу мезгил да жакындап калды көрүнөт...

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83