www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Технология алынса маданият дагы алынабы?

Кызгалдак Жакыпова 06-сентябрь 2019, 19:11

Маданият Коом


Технология алынса маданият дагы алынабы?

Түркия жана Ислам дүйнөсүндө цивилизация, маданият, технология сыяктуу терминдер жана бул терминдерге кандай карала турганы эки жүз жылдан бери талкууланууда.

Технология боюнча талкуулар жакынкы убакта  алоолонгон сыяктуу көрүнүүдө. Технологиянын бир гана технология болбогону, технология менен бирге маданият жана кааланбаган бир топ нерселер дагы кошо келе турганы, ушул себептен технологиядан алыс турулушу жөнүндө көз караштар ортого салынды.

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тема тууралуу талдоосу.

Батыштан эмне алынышы керек?

Эң оболу талкуунун жаңы жана технология тууралуу болбогонун белгилейли. Талкуу негизинен Батыштан эмне алына турганы же алынбай турганынын талкууланышынын уландысы болуп саналат.

Бул тема Осмон империясынын акыркы убагында, материалдык илгерилөө-ахлактык илгерилөө (Саид Халим Паша), харс-цивилизация (Зия Гөкалп), чыныгы цивилизация-өнөр жай цивилизациясы (Желал Нури) сыяктуу айырмалоо жана терминдер менен ар башка жазуучулар тарабынан тыгыз талкууга алынды.

Талкуунун планын Акифтин ыры чийип бергенин айта алабыз;

«Алгыла илимин батыштын алгыла көркөм өнөрүн,

Бергиле ишиңизде буларга акыркы ылдамдыкты,

Анткени мүмкүн эмес буларсыз жашоо,

Анткени улуту жок илимдин, көркөм өнөрдүн жалгыз»

Мешрутийет мезгилиндеги айрым түркчүл ойчулдардын, өзгөчө исламчыл ойчулдардын мамилелери, Батыштын илиминин алынышы, бирок ахлагынын жана өзүнө таандык маданиятынын алынбоосу түрүндө жыйынтыкталса болот. (Бул  темадагы көз караштарым үчүн «Батыш тууралуу кандай жайгашуу бар» макалалары иликтенсе болот).

Андан кийин болсо Акиф жана башкалары Батышты жетиштүү түрдө түшүнө албаганы менен сындалышкан. Мен Акифке адилетсиздик кылынганын ойлогондордонмун. Анткени Акифтин төмөнкү сындоолорду көздөбүгөнүн ойлоймун.

Технология-маданият карым-катнаштары

Технология, шексиз өндүрүлгөн коомчулуктун жалпы маданиятын чагылдырат. Адамды кайрадан жаратууну долбоорлогон жасалма аң-сезим технологиясы, ичинде орун алган маданияттан көз карандысыз түрдө ойлонулса болобу? Батыш маданияты дебеймин. Эми мындай түрдөгү технологиялар Кытай сыяктуу Батыштан тышкаркы коомчулуктарда да өндүрүлүүдө.

Ал эмес бир гана душман армияларын эмес, ташталган аймактагы жүз миңдеген жаран адам, өсүмдүк, жандуу түрлөрүн жок кылып, алып келген кыйратуусунун себебинен ташталган жерлерин эч нерсе өспөгүдөй абалга келтирген атом бомбасы, аны Жапонияга таштаган аң-сезимден обочолонтуп ойлонулса болобу?

Бул түшүнүккө каршы Кануни Султан Сүлеймандын көз карашы, башкача бир технология-маданият карым-катнаштарын үлгү кылып көрсөтө алат. Кануни сарайдын бакчасындагы кумурскалардын бактарды кууратышынан тынчсызданат. Бирок кумурскалардын дагы жаны бар экенин ойлоп абалды бир ыр менен Шейхүлислам Абуссууд мырзадан сурайт:

«Мөмө бактарды курчаганда кумурска,

Зыян болобу кумурсканы кырганда»

Абуссууд мырзанын ошондой эле ыр менен берген жообу, башкача технология-маданият карым-катнаштарынын так жообу сыяктанат.

«Эртең Кудай тааланын кеңешине барганда,

Сулаймандан акысын алат кумурска»

Ар эки көз караштын өндүрө турган технология жана бул технологиялардын адамзатты алып бара турган жери башкача болушу мүмкүн.

Технология менен келген адамдардын чоочундашуусу да атайылап сүйлөшүлүшү керек болгон өзгөчө тема болуп саналат.

Кайсы технология?

Технологиянын шексиз маданият менен карым-катнашы болушу менен бирге ар башка маданияттардын бардык технологиялык чыгарылыштардын жаман экенин ойлоо жалпылоочу, обочолонтуучу жана четке кагуучу түшүнүк болуп саналат. Ар бир маданият турмуштун кадимки агымынын ичинде өз муктаждыктарын камсыздагыдай технологиялык керектөөлөрдү да өндүрөт. Эмненин муктаждык экендиги талкууланса болот.Ал эми адам муктаждыгынын ар башка маданияттарда бири-бирине дал келбегени айтыла албайт. Ушул себептен ар башка маданияттагы адамдар  күнүмдүк турмушта окшош технологияларды колдонууда.

Ушул себептен ар башка маданияттарда өндүрүлгөн технологияларга жалпылоочу жана четке кагуучу мамиле кылынса болбойт. Өз салт, цивилизация жана маданий коддорубуздун алкагында тандоочу көз карашка ээ болуудан дагы табигый мамиле боло албайт.

«Илим Кытайда болсо дагы барып алыңыз». «Ырыскы момундун шыбагасы», «Душманыңыздын куралы менен куралданыңыз», «Күчтүү мусулман, алсыз мусулмандан дагы кайрымдуу» хадистери бизге технология темасында кызыкдар бирок кылдат/тандоочу болушубузду сунуштайт. Технология темасында проактивдүү изилдөөдө болушубузга түрткү берүүдө.

Душмандардын куралдары менен куралдануу, бир мусулман үчүн башка бир өлкөгө атом бомбасын таштай алууну камтыбайт албетте. Технологиянын дагы алына ала турганын ойлогондор муну сунуш кылган жери жок.

Эмне сунушталат?

Технологияга шек саноо же болбосо терс карагандар каршы чыгуудан башка так сунуштарды ортого салган жери жок. Көбүнчө Батыш технологиясы, Батышты жашаткан аң-сезимдин уландысы катары көрүнүүдө.

Батыштын ишеничи, философиясы, илими менен бүтүн түрдө кабыл алынууда. Бул сынчыл көз караш шексиз түрдө белгилүү бир сергектикти жаратууда. Ал эми илимдин Кытайдан болсо дагы алына турганы мамилесинин тескерисинче абдан чектөөчү мамиле болуп саналат. Бул жалпылоо түшүнүгү же четке кагуу, бул пикирди жактагандарды абдан радикалдык жерлерге оодара алат. Технология өндүрбөгөнү сыяктуу өндүрүлгөн технологияны дагы тобу менен четке кагуу, тыш менен байланышпаган,геттолошкон, фанатиктешкен коомчулук жаратат.

Бир тараптан дагы аз технология колдонуу же мусулманча жашап,бул талап кылган технологиянын өндүрүлүшү боюнча сунуш айтылууда. Шексиз бул сунуштар баалуу. Бардык нерсе дагы көп талапталган доордо, ар түрдүү дагы аз талаптоо, талаптоонун чексиздигине/кулга айлантуусуна сокку болуп саналат. Мусулмандар мусулманча жашашы керек жана өз жашоолорунун талаптарына жараша технологияларды өндүрүү аракетинде болушу керек. Мындай түрдөгү сунуштар, жашоодон адашпай жашаганда, заманбап керектөөлөр менен чогуу ойлонулганда маанилүү болот. Ал эми дүйнө жүзүнөн өзүн чектеп, жаап таштагысы келген ар түрдүү аракет,  ошондой эле Ислам дүйнөсүндө көп сандаган мисалдары болгон, террорду ыкма катары караган радикалдык агымдарга чейин ооп кетүү коркунучу турат.

Анда ислам дүйнөсү көп каржылаганы, көп технология колдонгону үчүн учурдагы абалын жашаган жери жок. Дагы аз технология колдонууну сынабай койгон эмес. Осмондук ишке ашыруусунда 1838-жылдагы Балта порту соода келишимине чейин чет элдик товарлардын өлкөгө кирүүсүнө олуттуу чектөөлөр жана тыюу салуулар бар болчу. Индияда Гандинин жөнөкөй туруштугу, АКШда Амиштердин технологияны четке каккан жашоолору бар. Келип жеткен жерде дагы деле Батыш үстөмдүгүнөн жана жаңы потенциалдардан сөз кылып жаткан болсок, дүйнө жүзүнө жабык,заманбап өнүгүүлөрдөн үзгүлгөн жашоо сунуштоонун альтернатива өндүрбөй турганы анык. Бул ыкмалар капиталист өндүрүү ыкмасын күчтөн тайдырышы мүмкүн. Бирок капиталист бүгүнкү күндө Батышка таандык болгон, бирок эртең өзгөрө ала турган гегемонияны жок кыла албайт.

Технологиядан коркуу жана каршы туруу

Технологиядан шек саноо жогоруда айтылган чектердин ичинде болсо түшүнүктүү. Мындан сырткары технологияга каршы туруу реакциянын, жабылып алууну сунуштоонун, артка кайтуунун жана өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгиси болушу мүмкүн. Технологиядан коркуу же каршы туруу, жапайы технологиядан тышкары дагы адамкерчиликтүү технология өндүрүлө албай турганын эске алуу менен кыймыл кылсак багынып берүүчү мамилени да үн катпастан чакырып турат.  

Жыйынтыктасак технология жараткан коркунучтар, рисктер, терстиктер, адамзаттын акырын алып келе турганы боюнча сындоолор бир гана бизге таандык эмес. Нукуралык бул технологияга карата жасала турган мамиле болуп саналат. Технологияга карата айырмалабастан жалпысын четке кагуучу мамиле кылуу интеллектуалдык жактан жылуу учурашы мүмкүн. Бирок ишке ашырылса боло турганга каршы чыгып, кыялдануу болгонду чечүүчү жол катары көрсөтүү, ыктымалдуу чечүүчү жолдорду дагы бүлгүнгө учуратат жана бул мамиле каршы чыгылган нерсенин дагы көп жактырылышына жана жайылышына алып келиши толук мүмкүн, деп "trt.net.tr" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83