www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Интернетте таанышуу тиркемесин өздөштүргөн чоң эне жаш жигиттер менен мамиле түзүүдө

Алтын Булат 07-сентябрь 2019, 09:30

Видеолор Коом Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО - Интернетте таанышуу тиркемесин өздөштүргөн чоң эне жаш жигиттер менен мамиле түзүүдө

Нью-Йорктук 83 жаштагы Хэтти Ретрож аттуу кемпир күйөөсү менен ажырашканга чейин аны бир дагы жолу башкага алмаштырган эмес. Бирок, ал жакындан бери интернетте таанышуунун кыныгын алган. Ошондон тарта жалаң жаш жигиттер менен мамиле түзүп келет. Мына ушундай маалыматтар Хэтти чоң эне тууралуу тартылган видеодо камтылат.

- Көрсө мен сыяктуу өтө эле картаң айымдар менен кездешүүнү каалагандар көп экен. Азыр эркектердин аялдарга болгон көз карашы, мамилеси таптакыр башкача турбайбы. Билбейм, баары болбосо дагы көпчүлүгү жаштыкка, сулуулукка деле карашпагандай. Албетте, мен биринчи жабышпайм деле. Тескерисинче эркектер биринчи болуп мага жагымдуу сөздөрүн арнашат. Бир түн болсо дагы чогуу болууну суранышат, -деп Хэтти Ретрож сексуалдык мамлесин жашырбай айтып берген.

Бул активдүү чоң эне мындан сегиз ай мурун таанышуу сунуштамасын үйрөнүү максатында биринчи жолу компьтерге олтурган. Ошондон тарта баш-аягы 50 эркек менен мамиле түзүүгө жетишкен. Алардын эң эле жашы 19 жашта болсо, улуулары эми гана 30 жаштан ашкандар. Айтымында, таанышуу сайттарынан тапкан бул жаш жана күчтүү ойноштору менен тыгыз байланышта болуп турат. Учурда чоң энени өзүнөн 50 жашка кичүү Шон аттуу адам карап жүрөт. Ушундай жашоо ырахатын карыган кезинде сезгенин жана бактылуу экенин ал жашырбайт:

- Мен азап тартпайм. Мен ыраазымын. Ушул жашымда өзүмдөн кыйла кичүүлөр менен мамиле күткөндү үйрөндүм. Азыр канча кааласам ошончо жаш ойношум бар. Менин жашоодогу максатым – карылыкка болгон көз карашты өзгөртүү! -деп айтып берген Хэтти чоң эне.

Айтмакчы чоң эне 25 жыл чогуу жашаган абышкасы менен ажырашкандан кийин жергиликтүү гезиттердин бирине, төшөк кумарына батуу үчүн жаш жигиттерди издей турганы тууралуу ачык жарнама берген. Көп узабай эле каалоочулардын саны өсүп, алар СМС каттарды жаадырышканын жана алардын ичинен “ылайыктуу”, “татыктуу” деп эсептегендери менен жолугушуп баштаганын эскерет Хэтти Ретрож. Учурда ал жөн гана секстен ырахат алат. Ошондуктан ойношторун дагы бат-бат алмаштырат.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83