www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таң каракчысы жөнүндө уктуңуз беле?

Нурбек Айдар 07-сентябрь 2019, 09:53

Турмуш


Таң каракчысы жөнүндө уктуңуз беле?

Таң каракчысына жолуккан адам же жакшылык көрөт же жамандык көрөт. Таң каракчысы дайыма таңкы төрттөн күн чыкканча жүрүшөт дешет.

Нарындык Мукаш атанын айтуусуна караганда, ал таң каракчысына жолуккан. Ошол окуяны өзүнүн баяндоосунда берели: “Мектепте окуп жүргөндө классташтар тоого чыктык, аябай кеч болуп кетип тоого жатып калдык. От жагып, ырдап-бийлеп жатып, таңга жуук гана көз илинип кетиптир.

Бир кезде 3-4 адамдын кобур-собур үнүнөн ойгонуп кеттим. Алар уктап жаткан бизди аралап бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Арасынан бир аксап басканы менин жаныма келип, “мобу баланын буту мага аябай жакты, мен ушунун бутун алам” деп колундагы таягы менен сайгылаганда, мен чоочуп тура калдым. Кызыктын баары эртеси башталды, таңга жуук тиги киши менин үйүмдө пайда болуп, мага бутуңду бер дей баштады. Мен алгач коркуп, кыйкырып качсам, кийин көнүп калдым.

Ал күндө таңга жуук мага келгенди адатка айландырды. Келип бутумду кармалап, сүрткүлөп “мага бер” деп отурат. Бир жолу тажаганда, “ээ алсаң, ала берчи” деп жибердим. Ошондо тиги сүйүнүп, “уктуңарбы мага өзү берди, өзү ала бер деди” деп кыйкырып жатты. Мага жакындап келип бутумду кармаганда бакырып жиберип, эстен тандым. Ойгонсом төшөгүмдө эле жатам, бутумдун үстү болоор-болбос кара так болуп калганы болбосо баары жайында сыяктуу, бирок бутумду өйдө кыла албай койдум.

Ооруканага барганда дарыгерлер “тез арада кеспесе болбойт” деп, бутумду кесип салышты. Таңга жуук тиги киши дагы келди, таягы жок, менин бутумду тагып алган экен, сүйүнүп жүрөт. А менин бутум укумуштай тездик менен айыгып жатты, доктурлар да таң калып жатышты, ушинтип таң каракчысына жолугуп бутумдан айрылгам” дейт Мукаш аксакал.

А сиз таң каракчысы бар экенине ишенесизби?..

Автор: Клара Асанова

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83