www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Контрабандалык жол менен ташылып келинген кальян тамекилери Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

Кызгалдак Жакыпова 07-сентябрь 2019, 11:56

Кылмыш жана кырсык


Контрабандалык жол менен ташылып келинген кальян тамекилери Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 5-сентябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан “А.Т.К” кампасында «Serbetli» маркасындагы 11200 килограмм кальян тамекиси жана «Fumari» маркасындагы 1200 килограмм кальян тамекиси табылган. Соода - өнөр жай палатасынын берген корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 19 663 200 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83