www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

Нурбек Айдар 07-сентябрь 2019, 13:52

Коом Кылмыш жана кырсык


11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

Жалал-Абад облусунда 11 жаштагы баланы өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши токтотулду.

Белгилүү болгондой, баланын өлүмүнө шектелип жаткан анын эжеси жашы жете элек өспүрүм. Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы боюнча, аны жоопкерчиликке тартууга болбойт.

Кыз учурда реабилитациялык борбордо. Ага карата психиатриялык экспертиза дайындалган. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, бирок, анын жыйынтыгы кандай чыкпасын, кылмыш иши кайрадан ачылбайт.

Эске салсак, 9-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11 жаштагы бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын колу-бутун скотч менен оролуп, бычактап өлтүрүлгөнү аныкталган. Кийинчерээк анын өлүмүнө 14 жаштагы эжеси шектелип кармалган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83