www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Аманбай Кайыпов жок десе болбой тебетей кийгизишти”

Нурбек Айдар 07-сентябрь 2019, 18:53

Коом Саясат


Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Аманбай Кайыпов жок десе болбой тебетей кийгизишти”

Кечээ, 6-сентябрда Аманбай Кайыпов өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, башка кызматка дайындалды. Нарындыктар ага суусар тебетей кийгизип, жылкы мингизип, салтанаттуу түрдө узатышты. Ал эми жаңы губернатор Эмилбек Алымкулов ага Нарын облусунун “ардактуу атуулу” наамын берди.

Контейнер-мектеп чуусунан кийин кызматтан кеткен губернаторду мындай салтанаттуу узатуу көпчүлүккө жаккан жок. Социалдык тармактарда жакшы эле сындар айтылды.

Ошондон кийин бизге Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева редакциябызга кайрылып, Кайыпов тууралуу өз ою менен бөлүштү:

--“Аманбай Кайыпович кырдаал оор болуп, революциядан кийин элдин толкуну басыла электе бул кызматка дайындалган. Андан мурунку губернаторлорубуз талап-тоноп, антпегени жакшы иштебей келишкен. Аманбай Кайыпович оор шартта келгенине жана бюджеттин тартыштыгына карабай, бир топ байкаларлык жакшы иштерди бүтүрүп кетти.

Анын иштегенин көрө албагандар социалдык тармактар аркылуу жамандатып жатышат. Аманбай Кайыпович кетеринде аны жакшы көргөн эл өздөрү акча чогултуп, белек берип узатышты. Элдин жүрөгүнөн орун тапкан экен, “албайм, кереги жок” десе болбой “бизди теңиңе албай жатасыңбы” деп жатышып, айрымдары ат мингизишсе, дагы бирлери тебетей кийгизип узатышты. 15-20дай тебетей жүктөп кетти окшойт. Кайда болсо аман болсун, ишине ийгилик каалайм”!, - деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83