www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Комуз күнүнө карата өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өтөт

Кызгалдак Жакыпова 08-сентябрь 2019, 14:56

Маданият


Комуз күнүнө карата өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өтөт

Комуз күнүнө карата өлкө аймагында 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар өтөт. Бул маалымат тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматта, 8-сентябрда саат 10:00дө Ысык-Көл облусуна караштуу Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өтөт.

9-сентябрда саат 10:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий практикалык конференция уюштурулуп, 12:30да Бишкекте Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы болот. Ал эми, Саат 16:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында «Комуз-улуттук сыймык» аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү өтөт. 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Таңшы комуз» аттуу гала концерт уюштурулат.

Республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңырып, атайын иш-чаралар өтөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83