www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кожобек калпты катыра айтабы?

Алтын Булат 09-сентябрь 2019, 10:40

Саясат Кылмыш жана кырсык


Кожобек калпты катыра айтабы?

Жогорку Кеңеште өзүн “илита” атаган депутат бар эмеспи, Кожобек Рыспаев дегенчи, ии ошо... “Жардан кулап аман калдым” – деген маалыматын таратты го. Эми болушунча аракет кылыптыр актанганга. Бирок ошол айтып жатканын ашыра апыртып ийгенин өзү деле байкабай калды өңдөнөт. Жакында анын “артымдан “Ауди” унаасы түртүп ийип, тоголонуп кетип баратам, тоголонуп кетип баратам...” –деген жомок сымал кеп айткан видеосу тарады.

Айтымында, ошол учурда жол жээгинде олтурган кыз анын унаасына кошулуп кетиптир. Муну эске алган соттук экспертиза Рыспаевдин ишинде кылмыштын изи жок экенин билдирген имиш.

Эми “илита” депутат өзү айткандай, Военно-Антоновкада жашагандар же ал жакка каттагандар жакшы билсе керек, унаа ушунчалык эле тоголонуп топ болуп кете тургандай жардын бар же жок экенин. Ал жагын Жайчыбековичтин өз уятына коелу.

Биз болгону, учурда бул Кожобек мырзанын айткандарын төгүндөгөн дагы бир маалыматтын пайда болгонун айта кетели. Соттук экспертизанын дагы бир жыйынтыгында, Кожобек Рыспаев катышкан жол кырсыгында эч кандай Ауди унаасы болбогондугу жана андай унаа сүздү делген белгилер такталбагандыгы жазылат.

Мында улам кооз сүйлөгөн депутатка ишенебизби же тиешелүү органдын документтерине ишенебизби...?

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83