www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 11:46

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83