www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир көзү Атамбаевди эңсеп, бир көзү Атамбаевге каршы, “тыңчы” сөрөй Кененбаева ачка калды

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 11:54

Эл пикир


Бир көзү Атамбаевди эңсеп, бир көзү Атамбаевге каршы, “тыңчы” сөрөй Кененбаева ачка калды

Атамбаевге каршы иштеген жерди жал-жал тиктеген Кененбаева “СДПК Атамбаеви жок” деген ураан алдында иштеп жаткан Сагынбек Абдрахманов менен кызматташып, Атамбаевге каршы иш жүргүзүп жаткан. Эмнегедир ал бул жерде кызмат тепкичинен тез көтөрүлүп, айтканын бары айкүр туруп, “өзүм хан, өзүм бий” деңгээлине жетип, бул жерде СДПКны өзү билип калган. 2019-жылы 3-апрелде СДПКнын жыйынында Саясий Кеңеш мындан ары азыркы бийлик, компетенттүү адамдар менен биргелешип иштейли деген чечим чыгарышканы менен Нурбүбү Кененбаеванын тукуруусу менен Сагынбек Абдрахманов тарабынан коомчулукка алынып чыкпай, ортодо лаажы болуп, бул иш ушул убакытка чейин токтоп турган.

Лекин,  Нурбүбү Кененбаева өзүнүн “ышпиончулук” жүзүн 2019-жылдын 7-8-августунда ачып салды. Ал чүмбөттөлгөн чүмбөтүн сыйрып, Кой-Таш айылында мамлекеттүүлүккө каршы мыйзамсыз уюшулган штабка барып 7-8-августта болуп өткөн башаламандыкка түз жана кыйыр түрдө тиешеси бар болгондуктан партиянын катарынан чыгарылды.

Муну менен эмнени түшүнсөк болот? Сагынбек Абдрахманов да бир топ убакыт Нурбүбү Кененбаеванын таасирине кирип, бирок Атамбаевдин камалышы менен СДПКнын жыйынында Саясий Кеңешти колдоп берди.

СДПКнын Саясий Кеңешинин жекшемби күнү өткөрүлгөн жыйынында Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп, адам өлүмү менен коштолгон кандуу башаламандыкка жол бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадил Мадеминов, Карамат Орозовалар  жана алар менен бирге “Эки тоонун чөбүн оттоп жүргөн” Нурбүбү Кененбаева СДПК партиясынан чыгарылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83