www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүйлөшкөн кызы карабай кеткени үчүн анын 3 жашар баласын алып кетип, өлтүрүп салган

Нурбек Айдар 09-сентябрь 2019, 12:19

Турмуш Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


Сүйлөшкөн кызы карабай кеткени үчүн анын 3 жашар баласын алып кетип, өлтүрүп салган

Казакстанда 5-сентябрда 23 жаштагы жигит тааныш келиндин колунан 3 жаштагы кызын тартып алып, качып кеткен. Ошол эле күнү баланын жансыз денесин табылган.

Белгилүү болгондой, баланы уурдап кеткен адам, ал баланын апасы менен 2014-жылдан баштап мамиледе болгон. Экөө сүйлөшүп жүрүп, кийин жолукпай калышкан. Өч алуу үчүн ал сүйгөнүнүн жеңесин өлтүрүп салып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, 4 жылдан кийин ал мөөнөтүнөн мурда бошоп чыгып, ал кыз менен дагы мамиле кылууга аракет кылган. Бирок бул убакка чейин балалуу болгон келин баш тартып койгон.

Көп өтпөй наристенин жансыз денеси табылган. Ал эми аны өлтүрүүгө шектелген жаран 9-сентябрга караган түнү Караганда шаарынын темир жол бекетинен кармалган.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83