www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин тукуруусу менен Текебаев менен мушташкан, Разаковду “тажик тыңчысы” деген Мадеминов СДПКдан чыгарылды, Мискенбаевдин кезеги качан келет?

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 14:15

Коом


Атамбаевдин тукуруусу менен Текебаев менен мушташкан, Разаковду “тажик тыңчысы” деген Мадеминов СДПКдан чыгарылды, Мискенбаевдин кезеги качан келет?

Атамбаев депутат кылып, бирок жарамсыздыгынан алып тынган Мискенбаев 7-8- августтагы Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп, адам өлүмү менен коштолгон кандуу башаламандыкка жол бергендердин ана башы. СДПКнын Саясий Кеңеши Мискенбаевдин ишин карап СДПК партиясынан айдай турган убагы келди.

Бир учурда дөөлөтүнө мас болгон Атамбаевдин тукуруусу менен Текебаев менен парламентте мушташканга чейин барган, вице-премьер Жеңиш Разаковду парламентте “тажик тыңчысы” деген клеймо илген Мадеминов депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Карамат Орозовалар  менен бирге  СДПКдан чыгарылды.

Атамбаевден башкаларды көрсө эле жөөлүй берип, Атамбаевдин №1 жагымпооз чабуулчусуна айланган Мискенбаев үчүн адамдын өлүмү бир тыйын сыяктуу, илгери шефи Атамбаев “Миң киши өлсө да бийликти алам” – дегенин Феликс Кулов китебине жазып чыккан. Мискенбаев үчүн деле ошондой эле, эптеп чыр чыгарып   бийликти алыш керек эле, эми СДПКдан чыгарыш үчүн Мискенбаевдин кезеги качан келет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Оля Таалайбекова, 09-сентябрь 2019, 20:02
Озу ошол сен айтып жаткан СДПК деген партия барбы ыя?
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83