www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек мырза ката жазбаганы үчүн “Ошингтон” университетин, Вашингтонго теңеди

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 15:30

Коом


Каныбек мырза ката жазбаганы үчүн “Ошингтон” университетин, Вашингтонго теңеди

Каныбек мырза жетектеген Ош мамлекеттик университети билим сапаты жагынан мамлекетибиздеги алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири. Негизи билим берүү маселесин көп көтөрүп, ректорлукту  так аткарып келатат. “Билим алуу ийне менен кудук казкандай”, ал  билим алуунун сапатын көтөрүп келет. Классикалык жакшы деп коёт. Бул бааны Каныбек Исаковго берсек болот. Отуз жыл мурун 1987-жылы ал кездеги Ош аймагындагы бирден-бир жогорку окуу жайына кирген Каныбек Исаков, эми ошол эле «Alma Mater»инде ректор катары элдин мүдөөсүн сезет. Ректор болгуча Каныбек Исаков  билим берүүнүн көп тепкичтерин басып өткөн: окутуучу, декандын орунбасары, улуу окутуучу, доцент, проректор сыяктуу. Ал эмес 1995-жылы «Нур» гезитине Башкы редактор болуп, журналистиканын да даамын таткан.

Кээ бирөөлөр эл көзүнө кооз сүйлөшүп, көшөгө артында  элдин энчисине беш бармагын гана эмес, билегине чейин матырып жиберип атпайбы. Мурунку бийликте да көшөгө көрүнбөгөн материал менен тосула турган, эми болсо тунук көрүнө турган материал менен тосулуп, элге даана көрүнүп турса деле жутунуп атышат.

Бирок ушундай мезгилде элдин жашоо-турмушун жеңилдетүүнү көздөгөн инсандар жок эмес. Мындай инсаныбыз Каныбек Исаков. Өзгөчө токтоло кетсек, ал билим берүү  тармагын мыкты түшүнүп, «өз көмөчүнө күл  тартпай», жалпы мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн кам көргөн адам. Каныбек Исаков  заводдон «масло» чыккан машинадай, дапдаяр эле министр. Бирок саясий интригага жок болгондуктан, Бишкекти көздөй канат сермеп учкан жок. Ал дайыма элдин кызыкчылыгын, өзүнүн Ош университетинин кызыкчылыгын ойлоп көздөгөн максаттарына жетиш үчүн билим кенин казып келатат. Билим тууралуу конструктивдүү маселелер козголгондо, өзүнүн компотенттүү ой-пикирин жүйөөлүү аргументтер менен бекемдеп, дайыма коомдук пикирлерге аралашып, арийне, интригалардан четтеп турганы байкалат.

Каныбек мырза тамекинин арасында чоңойду. Эрте жазда парник салып, тамекинин көчөтүн сээп, өстүрүп, отоп анан эгип, чаап, сугарып, мээ кайнаткан күндүн ысыгында үзүп, ташып, тизип, илип, кургатып, таңгактап бүткүчө эле мезгил кеч күзгө айланып кетчү. Каныбектин  үй-бүлөсү гектарлап тамеки экчү. Атасы бригадир, апасы болсо жети балалуу болуп, багып чоңойткону аз келгенсип, талаалап, колхоздун да, үйдүн да ишин бирдей карачу. Өзү баш болуп аралашып иштечү. Нан жапкан, кир жууган күндөрү гана талаага барбай, үйдө калчу. Ошентип, ал эмгек менен алпурушуп чоңойду.

Каныбек мырзанын апасына окшогон канчалаган апалар тамекиге ууланып, ооруп, көпчүлүгү 65ке чыкпай өтүп кетишти. Учурда айылда Каныбек мырза демилге көтөрүп, жаңы бала бакча салды. Бала бакчанын атын “Апаке” деп коюп айылдагы апалардын баарынын сүрөттөрүн илдирсемби деген жакшы ой-максаттары бар.

Түйшүктүү күндөрдү көрүп, эми гана уул-кыздарынын колунан урмат көрөөрдө, оо дүйнөгө узап кете берген, бейиши болгур - апаларыбызга таазим болсун деген ниетте. Аурасы айрандай таза Каныбек Исаковдун ишине ийгилик каалап кетмекчибиз, балким министр болуп калса, ката жазганды жойор!!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83