www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкентке тарых издеп, архив кезип... Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке кетти

Нурбек Айдар 09-сентябрь 2019, 16:53

Маданият Коом


Ташкентке тарых издеп, архив кезип... Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке кетти

“Эми он күн бою сиздер менен кабарлаша албайм, сиздер жазганды окуй да албайм. Өзүм да жазбайм. Кайрадан Ташкентте архивде болом. Өлкөсүн өнүктүрүп, өксүктөрдү түзөп, элинин зор кадырлоосуна ээ болуп, Борбордук Азияда лидерлик тизгинди бекем кармаган Шавкат Миромоновичтин өлкөсүндөгү өзгөрүүлөргө күбө болуп кайтам. Тарыхчылык кесипке такшалткан, азгырган, таалим-тарбия берген, илимий жетекчим, раматылык Хамид Зияев жашап өткөн шаарда болом. Архивден мүлдө кыргызга тиешелүү өтө кызыктуу документтерди издейм. Күндө убакытты уурдаган аш-тойлордон, ушак уккандан оолак болуп, тамакты тарта ичип, костюмду түрткөн курсакты калыбына келтирип, тапкан жаңылыктарым менен кайтам”.

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына мына ушинтип жазды. Өтө кызыктуу маалыматтарды таап, костюмун түрткөн курсагын калыбына келтирип келет деп ишенели. Мүмкүн, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун ата-теги тууралуу да кызыктуу маалыматтарды таап чыгып калаар...

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83