www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улан Үсөйүн: "Кызда "кыздык" болсо, балада "балалык" бар деген суроо бизди ойлонтпойбу?"

Нурбек Айдар 09-сентябрь 2019, 17:15

Турмуш Коом


Улан Үсөйүн: "Кызда "кыздык" болсо, балада "балалык" бар деген суроо бизди ойлонтпойбу?"

Жарандык активист Улан Үсөйүн өзүнүн Фейсбук баракчасына кыздык тууралуу өз оюн жазган. Анын бул постуна оң пикирин да, каршы пикирин да айткандар көп. Биз анын бул оюн төмөндө толук бермекчибиз. 

"Дагы бир «КЫЗДЫК» деген «БЛЯТЬ»!

«Я не девушка, кому я нужна» - дейт!

Баарың эле эмнеге «кыздыка байланасыңар ыя?

Эркегиң деле, кызын деле?

Же «кыздык» деген неме Силерге «бактылуу жашоону гарантия» кылып берип жатабы?

Же кыздык менен турмуш курсанар эле «айга, күнгө» учуп кетесиңерби?

Ай алтындарым, «кыздык» жок болсо эле жашоо бүтпөйт!

Кыздык деп, «жашообузду талкалап» бүтөт өңдүүбүз!

Мына, бир жыл мурун жазган оюмду окуп койгулачы!

"Кыздын кыздыгы", ага татыксыз биз.

Ойду толук түшүнүү үчүн, аягына чейин окугула.

Өткөндө бир таанышым, сүйлөшкөн кызы менен эки айрылыш жолго түшкөнүн айтты.
Себебин сураганымда, сүйгөнүм "кыздыгы" жок экен дейт.
Кайгыраарымды же күлөөрүмдү билбедим. Катуу айтып көңүлүнда ооруткум да келбеди.

Мындай көрүнүш, ал эле таанышымда болгон жок, ушундай окуя менен аяктаган бир нече "сүйүшкөндөрдү" билем.
Эми менде мындай суроолор, ойлор жаралат.

Эмнеге, балдар турмуш кургуча жыныстык катнашка барса уруксаатта, кыздарга болбойт?

Эркектердин өзгөчө артыкчылыгы барбы же алар башкача статуска ээби?

Кызда "кыздык" болсо, балада "балалык" бар деген суроо бизди ойлонтпойбу?

Эмнеге эки тарап тең жоопкерчиликтүү болбойт?

Эгер, ата энесинен башка адам бетинен өбө элек кыз же бала менен сүйлөшкүң келсе, турмуш курам десең, бизда неге "бала же кыз (девственица/ девственник)" боло албайсыз?

Өзүбүздүн "балалыгыбыз" болбой жатып, "кыздыкты" кантип талап кылабыз?

Эмне үчүн эркектер "как будто" таптаза жүргөндөй болуп эле, турмуш кургубуз, сүйлөшкүбүз келгенде "кыздыгы" бар кыз издеп калабыз?

Ай достор, андай болбойт го?!.

Мисалы менин " балалыгым" жок, моюнга алам. Эми кайсы бетим менен кыздан "кыздыгын" талап кылам, сурайм?

Деги эле башка кыздар менен катнашта жүрүп, үйлөнөөрдө "кыз" издеп калгандардын бети ушуга кантип чыдайт?
Качанкыга чейин "эркекбизда, бизге боло берет" деп өзүбүздү алдап, сооротуп жашайбыз?

Чын чынында келгенде,
Кимге "кыздык" жакшы жашоого гарантия берип жатат?
Ким "кыз" бойдон алгам деп урбай, сокпой, ажырашпай, алаканга салып, күндө гүл арнап жашап жатат?

Ооба, баары бул жерден "генефонд" деп, мени сөгө баштайт, а ген эркектерге тиешеси жокпу?
Же эркектер жыргап жүрө беришсин, кыздар эле "генефондту" ойлоп, жоопкерчилик алышы керекпи?

Кээбир эркектер кызды текшертип туруп, "кыз" болсо турмуш курам дейт экен.
А сүйүү, жакшы көрүү, сый урмат деген кайда калат?
Баары бир тең, кыздыгы бир теңби?

Же кыздыгы жок кыз менен бактылуу жашоо болбойт деген гарантия же жазылган мыйзам барбы?

А балким ал спорттон, табигатынан, сүйүүнүн айынан же зөөкүрдүн зордугунан айрылгандыр.
Эми ошол себептер үчүн турмуш куруу, үй бүлөө куруу бактысынан ажыратып коебузбу?

Же "кыз" болбой калса эле ал жаман адамга айланып калабы?

Албетте жок (мен үчүн).

Мени кыздын кыздыгы барбы, жокпу, мурун турмуш курганбы, курбабаганбы, баласы барбы же жокпу деген суроо ойлондурбайт.

Ал кандай адам, кандай сапаттарга ээ, максаты, кыялы жана ой толгоосу кызыктырат.
Адамдык бакыт, мыкты үй бүлөө, чыныгы сүйүү, таза махабатка "кыздыктын" бары жогу эч тоскоолдук жарата албайт жана ал мен үчүн эч нерсе чечпейт.
Адамга адам керек!

Бул постум менен баарыңар эле "жыныстык катнашка" баргыла, "кыздыгы же балалыгы" жок жашагыла дегеним жок.
Адам өзүн сактаса ал адамга ыраазы кана болом.

Жөн кана, "кыздык" деп кыздан кыз тандап, кыздарды чанып жүргөн балдарга жиним келет.
Адамдан бир нерсени талап кылаарда бизда ошого татыктуу бололу да.

Жашоо, маңдайыңдагы адам сенин күзгүң. Сен кандай болсоң жашооңда, түгөйүңда, коомуңда ошондой. Бул деген "карма"."

Улан Үсөйүн

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83