www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ахмед Ахин менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 09-сентябрь 2019, 18:47

Саясат


Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү  Ахмед Ахин менен жолугушту

Доха шаарында 8-сентябрь күнү, кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Коммерция жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана келишимдер департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин, анын ичинде Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын жана кыргыз-катар ишкерлер кеңешмесинин биринчи отурумун өткөрүү үчүн ыңгайлуу мөөнөттөр боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарабы Катар Мамлекетине өзүнүн азыктарын, тактап айтканда айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Катардын ортосундагы транспорттук жана логистикалык маршруттарды табууну активдештирүүнү макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83