www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БОЛГОН ОКУЯ: "Келиндин колдоочусу"

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2019, 10:52

Турмуш


БОЛГОН ОКУЯ: "Келиндин колдоочусу"

Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында Чынара эжебиз менен Чынарбек жездебиз эки бала, эки кыздуу болушуп, өз өмүр жашын бактылуу жашап өтүштү.

Экөө бир тойдо жолугушуп, таанышып, жактырышып, көп өтпөй эле үйлөнүп алышкан. Ысымдары да окшош. Алардын бактылуу жашоо-турмушу ошол аймактагы кийинки муундарга сабак болуп, эл ичинде кадыр-баркка ээ болушуп небере-чөбөрөлөрүнө из, жүрөктөрүнө жакшы элес калтырып кетишкен.

Бейиши болгур, алар бул жалгандан кечээ эле жакында 2015-жылы 80 жаштан аша берген куракта гана оо дүйнөгө сапар алышты.

Эмесе, сөз учугун Чынарбек жездебиздин кантип намаз окуп калышынан баштайлы. Сыягы, Жаратканыбыздын дагы көзү түшүп өзү хидаят берди. Өз атам Кыдырбек кичинесинде эжебиз Чынаранын үйүндө жүрүп чоңойду. Ошондон улам атамдын айтуусунда бул жаңылык 1964-жылы болгон экен.

Жай мезгилинин толуп турган убагы. Чынара эжебиз күтүлбөгөн жерден эле катуу ооруй баштайт. Ооруга кабылышынын себеби, саздуу жерден басып келатып чалынып жыгылып, ошондон улам буту абдан катуу ооруп, күндөн-күнгө жарааты күч алып, көрүнбөгөн доктуру калбайт. Аягы кыргыз табыпчылыгына көрүнүп, алар бир ооздон эжебизге мусулманчылык дин жолуна түшүүнү айтышат. Адегенде аны эрөөн көрүп, мойнуна албай, башынан көп кыйынчылыктар өтөт. Анын үстүнө ал убакта динге каршы күрөш катуу күч алып (Совет доорунда) динди мойнуна алган адамды эл ичинде үгүт жүргүзүүчү катары кабылдашып, ал адам шылдыңга да алынуучу. Андайга дегеле эч кимиси ишенишчү эмес. Чынара эжебиз айлана-чөйрөдөн тартынып, динди мойнуна албоого аракет жасайт. Бирок улуу касиеттин күчү эжебиздин эркин майыштырып, ыйык белегин тартуулайт. Мойнуна алышынын бирден-бир себеби, Улукбай кайнатасынын арбагынын келиши да болуп калды. Ал тирүүсүндө Урбай, Жакыпбек, Эргеш, Үсөн, Күзөр аттуу балдарынын келинчектеринин арасынан Чынарбек уулу, анын келинчеги Чынаранын үйүнө көбүрөөк каттачу.

Ал киши эчак дүйнөдөн кайткан. Күндөрдүн биринде Чынара эшиктеги жумуштарды жайгарып, үйгө кирсе кудум мурунку жүргөн абалындай кайнатасы жерде ыштан көйнөк кийип, сакалын жайкалта, өңү да кызыл жүздүү нур чалып төрдө отурат. Кайнатасын көрө сала келини ийиле жүгүнүп салам берет. Ошондо ал назик, жумшак үнү менен сөз салат:

-Балам, сага атайын келдим, батамды берип кетейин.

Кайнатасы алакан жайып:

"Ырыскыдан кем болбо, бала-чакаң аман-эсен болсун. Балам, намаз жана дин менен жаша" деп батасын берип, эшикке чыккан сымал көздөн кайым болот. Мындай табышмактуу көрүнүштү кечки тамакка отурганда Чынара үй-бүлөсүнө айтат.

Бирок, канчалык ишендирип айтса да, ага үй-бүлөсү ишенбейт, маани беришпейт. Анткени ошол учурда Чынаранын бирде ооруп, бирде соо боло калганы аларды ишеничтен бир топ оолактаткан.

Кийинчерээк эжебиз жылдыздар толуп, болжолу түнкү саат экиде болуу керек, тышка чыгып, аалам менен байланышып, төгүлгөн ыр саптарын жалбара ааламга, асманды карай төгө баштайт. Ошол кезде Чынаранын үйүндө жүргөн иниси Кыдырбек 16 жашта эле. Ал жайкысын эшик алдында уктагандыктан түндөсү уккандарын айтса, эжеси өзү да таң калып жүрдү. Ал эми жездебиз Чынарбек жогоруда болуп өткөн көрүнүшкө да, түн ичиндеги аалам менен байланыш түзгөнүнө да назар салбайт. Ал убакта "Москвич" маркасындагы машина өтө кымбат болгондуктан чанда гана адам айдачу. Бир күнү Чынарбек ошол маркадагы машинаны эшикке айдап чыгып баратканда капталын эшикке урдуруп майыштырып алат.

Андан мурун түз эле жерден оодарылып кетип, кайра тургузуп эч жери оорубастан айдап кеткен. Бирок, бул сыр көрсөтүүгө да ал моюн сунбайт. Келинчегинин аалам менен байланыш түзүүсү улам күчөп, кийинчерээк там үстүндө ар кыл түстөгү таңгак-таңгак кездемелердин пайда болгонун көрөт.

Жездебиз адегенде чоочуп, кийин диндин ыйык касиетин сезгенден кийин динди ыйык тута баштады. Ак-Дөбө менен Жамбылдын (Тараз) аралыгы 100 километрдей келет. Ал убакта ар бир айылда мечит жоктугунан намаз окуунун шартын өздөштүрүүчү Жамбылга барышчу. Ар жума сайын Жамбылдагы мечиттен калбай, бир аз убакыттан кийин намазды бат эле өздөштүрөт. Ал өз курагындагылардын ушак кебине карабастан сакал, мурут коюп, үзбөй намаз окуп калган.

Бирок бир аз убакыт өткөн соң, той-топурларда өзү теңдүү айылдаштарынын "молдоке" деген шылдың сөздөрүнө теригип, намаз окуганды таштап коёт. Ошондо келинчегинин оорусу кайрадан күч алып, төшөктөн баш көтөрбөй калган. Ал күнү Чынаранын энеси Айжан эмнегедир жүрөгү түпөйүл тартып, кызынан кабар алууга келген.

Кызынын төшөктөн баш көтөрбөй, өңдөн азып, оор абалда жатканын көрүп, дароо табып чакыртып дем салдырат. Кетээринде табып күйөө баласынын үзбөй намаз окуусун айтат. Табып Чынаранын энесине мындай дейт:

"Эгерде буларды аткарбаса экөөнү тең кырсык тооруйт". Ошондон улам Чынарбек өз өмүр жашынын аягына чейин намазга жыгылып, динге моюн сунуп жүрүп өттү. Элибизде "арбак колдойт" деген кеп бар эмеспи. Чынара Улукбай кайнатасынын бир эле эмес, көп.эле жолу арбагы менен жолугуп, акыл-наасат сөзүн уккан. Бир жолу күүгүм кирген маалда Чынара балдарына майда-барат иштер бүтпөй кыйкырып жаткан эле.

Үй ичинен: "кой балам, антип кый-кырба" деген үн угулат. Бул ким болду деген кыязда эки жагын элеңдей, эч ким көзгө илинбеген соң үйгө кирсе кайнатасы Улукбай төрдө отурган экен.

-Балам, бул неберемди мындан ары урушпа, ырыстуу бала, көрбөйсүңбү мурдунун үстүндө от жалындуу калы бар экенин. Мындан ары ошол калды көргөндө менин айткан сөзүмдү эстеп жүрөрсүң, - дейт да, көздөн кайым болуп кетет.

Жаратканыбыз аларга назарын салды, колдоду, динге түшүнүк, хидаят берди. Ошентип жездебиздин намаз окуп, Чынара эжебиз дин менен жашап калды. Экинчиден, тамдын үстүндөгү түрмөктөлгөн кездемелердин пайда болушу жана өз атасы Улукбайдын дүйнөдөн кайтып кетсе да, арбагы келип шек бергендегиси болду. 

Булак: ШАМБАЛА


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83