www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абакты Абдылдаев дагы "аттайбы"?

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2019, 11:49

Саясат


Абакты Абдылдаев дагы "аттайбы"?

Бүтпөгөн ЖЭБдин "чырлуу" иши боюнча мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы суракка чакыртылды.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланган. Бул тууралуу камактагы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Териштирүү учурунда Абдылдаевге тергөөчүлөр тарабынан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча бөлүм боюнча суроо салышкан. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого ТВЕА компаниясын гана сунуш кылабыз» деп жиберген каттары боюнча суроолор берилип «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев «ооба» деп жооп узаткан.

"Ооба" дегени моюнга алгандык болуп чыгабы же ал дагы кайсыл бир жогорку чиновниктин тапшырмасы болуп бүтөбү, ал тергөө иштери аяктагандан кийин билинээр. Ошентсе да, алынган акчалар Кытай тараптан болгондуктан ал түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер министрлигинин катышуусунда болушу толук ыктымал.

Демек, Абдылдаевдин да абалы арсар болуп турганы чындык. Азыркы учурда, андан жогорку кызматта турган ал кездеги өкмөт башы Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштап, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энерго-холдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдер төштөп абакта экени белгилүү эмеспи. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83