www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келишимге ылайык, жарандар эки өлкөнүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2019, 12:56

Саясат Коом


Келишимге ылайык, жарандар эки өлкөнүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет КР Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Андан тышкары, КР Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу долбоору жактырылды.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы келишимдер түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83