www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кара жашикте” Атамбаевди куттуктоого дагы болбойт

Алтын Булат 10-сентябрь 2019, 16:40

Саясат Коом


“Кара жашикте” Атамбаевди куттуктоого дагы болбойт

Бир убакта Атамбаевди айга-күнгө теңеген “Карыпбековдун кара жашиги”, учурда Жээнбековдон чыккан чаңды желпип турган, Жайнак Үсөн уулунун КТРКсы, «социал-демократтар» суранган 5 мүнөттүк эфирди берүүдөн баш тартты.

Буга, СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков катуу таарынып алган. Анын айтымында, тарапташтары мурунку президентти туулган күнү менен КТРКнын “Арноо концерт” программасы аркылуу «Кыргызстаным» деген ыр менен куттукташмак.

"КТРК да Атамбаевден башкалардын баарын куттуктоого болот экен. Кечээ эле, “Шеф, туулган күнүңүз менен! Сиз мен үчүн Кудайдан кийинки эле адамсыз” деп чуркап жүргөндөр, бүгүн минтип Атамбаевдин жакындарына, акчасын төлөп да куттуктоого уруксаат беришпеди”, -деп айтат Султанбеков.

Эске сала кетсек, 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыгат. Бирок, анын бул жолку туулган күнүн тосуусу бийликте тургандагысына кыйла коошпой турат. Ошол жылдарда ушул “Арноо концертке” күнү түшүп каларын кайдан билди дейсиң. Анда бул датада анын резиденциядагы үйүнүн короосу кошоматчыларга батпай, өзүн айланчыктаган айлакерлердин коштоосунда, Кытайдан ала келген рюмкасына кызылын, досуна агын куюп чалчаңдап отурса керек эле. Эми башына кара булут айланганы баягылардын баскан изин дагы таппай калды го. Эх... турмуш өзү ушундай тамаша!

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83