www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыныбай калп айттыбы, же Чиркешович чычаладыбы?

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2019, 16:50

Саясат


Чыныбай калп айттыбы, же Чиркешович чычаладыбы?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекен” партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугуп, айткан сөзүнө теригип жооп кайтарды. Ал абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен кабыл аларын, Текебаев камакка алынган соң анын таламын талашам деп партиядагы партбосстор мамилеси бузулганын, Чиркешович тууралуу позициясы командамдасына белгилүү болгондугун, ал кезде Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калганын, Текебаев үчүн партиялаштары менен жаман-жакшы көрүнүп калганын, ошол кезде Чыныбай Чиркешович деген каймана атка конгонун айтыптыр. Жогорудагы Чыныбай Чиркешовичтин келтирген аргументтерин ошол кезде Текебаев анча аңдабай калганбы же бул актануубу?

Төмөндө Текебаевдин айткан сөзүн келтиребиз.

–2016-жылы Атамбаев менен чабышып жаткан учурда бизге эптеп шылтоо таап камасам дегени белгилүү болгон. Ошондо мен трибунадан сөз сүйлөп жатканда “Иса мурда чогуу болбодук беле, ай Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула”, – деп кайрылгам. Алардын бири да туура эмес болуп жатат деп айткан эмес” – деген Текебаев.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекени партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген, дейт «Факты.kg» гезити.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83