www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузияда деле депутаттарын койго теңешет экен

Кызгалдак Жакыпова 10-сентябрь 2019, 17:43

Дүйнө жүзүндө


Грузияда деле депутаттарын койго теңешет экен

«Стыдно» кыймылынын өкүлдөрү парламентинин алдына 9 баш койду айдап келишти. Анын себеби Георгия Гахарии башында турган өкмөткө парламенттин ишеним артышы экен.

«Стыдно» кыймылынын лидерлеринин бири 9 койду көргөзүп, “калганы парламенттин ичинде олтурат. Койлор гана айдаган жагыңа басып, буйрук аткара алат. Биздин парламентарийлер да койлорго окшоп жогорку жактын буйругун угуп, кнопканы бас десе басышат” - деди.

Атаң гөрү биздин эле эл өкүлдөрү өйдө жакты карап, көздөрү жайнап, айтканыңды аткарат экен десе, башка жактарда деле бар турбайбы. Биздикилер деле айрым парламентарийлер айтмакчы “кнопка баскыч” машинеге айланышып калышканын акыркы кездердеги шайлап берүүлөрдө байкап эле келатабыз да.

Акыркы кезде парламент таркатуу боюнча коомдук сунуштар көп болгонуна карабай, өлкөнү граждандык “согушка” шыкактап туруп эс алууга кетип калган парламент, кебелбей келип ишин  улантып жатканы “кой үстүнө торгой уялаган” жашоодон кабар береби? Таңбыз, деп Факты.kg гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83