www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу Өкмөт: Бири камактан чыкса, бири СИЗОдо отурат, ошого карабай жолугушту, «сеньорлор” Иса менен Топчубек келген жок

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 09:48

Коом


Убактылуу Өкмөт: Бири камактан чыкса, бири СИЗОдо отурат, ошого карабай жолугушту, «сеньорлор” Иса менен Топчубек келген жок

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыркы жолу 2016-жылы, Атамбаев конституциялык реформа өткөрүү ниетин билдиргенден кийин жолугушкан. 2010-жылдагы окуялардан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жакында абактан чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашуу үчүн жолугушту. Бул маалыматты убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров ырастады.

Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кенешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов катышты. Топчубек Турганалиев менен Иса Өмүркулов барган жок. Убактылуу Өкмөттүн дагы бир мүчөсү, Кой-Таштагы окуяларга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошогонуна байланыштуу Алмазбек Атамбаев УКМК абагында отурат.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83