www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын аскерлери менен кыргыздар 400 гектар жер талашып тиреше кетишти

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 09:54

Коом


Өзбекстандын аскерлери менен кыргыздар 400 гектар жер талашып тиреше кетишти

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, тирешке себеп болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген кабар-видеолор тараган.

Видеолордо бир нече кыргыз жарандары өзбек чек арачылары менен тирешип турганы, чек ара тилкесинин ары жагында аскердик техника турганы тартылган. Учурда аталган аймакта аскердик техника чыгарылып кеткенин, жол курган техника гана калганын ошол аймакка баргандар тургундардын айтканына таянып билдирди.

Ош облусунун Араван районуна караштуу Керкидан айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Орозбаев баштаган чакан топ өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө жөнөп кетти. Алардын катарында жергиликтүү тургундардын үч өкүлү бар. Орозбаев алар Керкидан айылындагы «400 гектар жер Араван районундагы башка жерге 2017-жылы алмаштырылган» деген маалыматты тактоо максатында барышарын билдирди. Ошондой эле тургундар Керкидан суу сактагычын эки өлкө бирдей пайдалануусун талап кылып жатышат.

- Ал жерде чек ара буга чейин такталган экен, - деди Мирлан Орозбаев. - Президенттер кол коюп, бекиткен экен. Азыр биз элге жана бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн Байыш Юсуповго баратабыз. Өзбекстан тарап да документтерин, карталарын алып келип тактады. Кечээ чакырганда биз тараптан Мамлекеттик катоо кызматынын өкүлдөрү, өзбек тараптан өкүлдөр келип карталарын салыштырышты. Бардыгы эле так экен.

Орозбаев айтып жаткан Байыш Юсупов - өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитация, демаркация боюнча комиссиянын мүчөсү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83