www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки жыл СИЗОдо отурган адам ГУБОПту башкарат

Нурбек Айдар 11-сентябрь 2019, 10:56

Коом


Эки жыл СИЗОдо отурган адам ГУБОПту башкарат

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалык) жетекчиси болуп Каныбек Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кызыгы, анын 2017-жылы кылмышка шектелип кармалганында. Каныбек Абдрахманов ал кезде Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп турганда пара талап кылууга шектелген экен. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Каныбек Абдрахманов менен кош дагы 3 милиция кызматкерин кармап, СИЗОго киргизген. Эки жылдан кийин сот Каныбек Абдрахмановду далилдер жетишсиз деп актаса, анын бир кызматкери күнөөлүү деп табылган. Маалыматтарга караганда, ал кызматкер бардык күнөөнү өзү мойнуна алган. Дагы 2 кызматкердин иши боюнча сот аяктай элек.

Ал эми Каныбек Абдрахмановдун ордунда ага чейин иштеген Акылбек Мамасейитов Баткен облустук милициясына жетекчи болду. Дагы бир кызыгы, Акылбек Мамасейитов Жалал-Абад облустук ИИБин жетектеп турганда, милиция кызматкерлери үчүн салынган батирлерди жакындарына, дос-туугандарына берип салган деп айыпталган. Андан кийин 2018-жылдын апрель айында Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” комбинатына жергиликтүү тургундар кирип, өрттөп салгандан кийин кызматынан айдалып, бирок кийин сот аркылуу кайра кызматка орношкон.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83