www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев эми бийлик менен да, шайтан менен да кызматташат. Бирок...

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 12:15

Саясат


Текебаев эми бийлик менен да, шайтан менен да кызматташат. Бирок...

Жакында эле «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев ЖМКлардын бирине берген маегинде, алдыда турган иштери, максаттары боюнча айтты:

"Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий жашоого аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да кызматташууга даярмын. Эгерде маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе албасам мен аны шайлоочуларыма айтам. Өкмөт, парламент жана президент эмнеден ката кетирип жатканын көрсөтөм" - деди.

Текебаев минтип айтканы менен ал шайлоочулары менен эсептешпейт деле. Буга чейин эсептешпеген саясатчы эми кайдан эсептешсин. Бийликте да эч кимге кызмат кылгысы келбейт. Жээнбековдорго акталагандан көп өтпөй тишин кайрап, оппозиция болоору күтүлүүдө. Бул анын табияты. 25 жылдан ашуун саясаттагы жасаган иштерин эске алганда, мындан кийин деле элге пайдасы аз болот.

Жээнбековдор деле Текебаевди ары-бери актатып салбайт, көпкө созот. Анткени алдыда парламенттик шайлоо. Бийлик Текебаевди парламенттен көргүсү деле келбеси Эштекбайдын энөө баласына деле бештен белгилүү. Бул тууралуу "Багыт.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83