www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Олжобай Шакир: "Абылгазиев эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм ... ысык самсы алып берем"

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 12:32

Саясат


Олжобай Шакир: "Абылгазиев эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм ... ысык самсы алып берем"

Мени сөккөндөр сөксүн, андан асман жерге кулабайт)))) Тек жеке оюмду ачык билдирип, кимдин ким экенин ажыраткым келет... Эмесе мындай кеп: эл эс калчабайт кээде. Наалыйт, нааразы болот. 28 жылда отуздай өкмөт башы садага чабылды. Эмнеге? Президентке көлөкө түшпөсүн үчүн... Элде бийликке болгон нааразылык күчөп баратканда эле буга чейинки президенттерибиз өкмөттү садагага чапкан саясат адатка айланган. Калыптанып да бүткөн. Эл кайра жаңы өкмөт башыдан өрнөк күтүп келген. Айтор, кийинкиси мурункусунан кокуй чыгып, деле, Өкмөткө жарыбай келдик. Кеп Өкмөттү колгаптай алмаштырганда эмес экенин качан түшүнөт болдук экен?..

Албетте, М.Абылгазиевдин ишине мен деле курсагым тоюп турган жок. Мен деле нааразымын анын ишине. Абылгазиевдин ордуна Эмил Үмөталиев деген тилектеш, санаалаш дос-агам бар, ошо кишини Өкмөт башыга алып келишсе оң болмок негизи. Антишкен жок!!!

Бирок айла канча, М.Абылгазиевге болгон элдеги нааразычылык күч экенине карабай Президент С.Жээнбеков сабырдуулук кылганына таң бердим. Демек, туруктуу саясатты калыптандыруунун башталгыч этабы ушул болуп жүрбөсүн?.. Мамлекеттик бийлик системасын куруу - тоок кепе кура салгандай иш эмес. Туруктуу системаны куруу үчүн туруктуу позицияны сактоо да маанилүү. Биздин коом былкылдаган сазга окшобой, кыртыштуу дөңдөй былк этпегенге качан үйрөнөбүз эй))))

Бизде азыр Өкмөт эле эмес, Президенттик институт да, парламенттик бийлик да күчтүү калыптана албай атат. Үчөө саясый ансамбль болуш үчүн - туруктуулук керек. Ошол туруктуу калыптандырууга жетиш үчүн эл бийликтегилерди ашата сөгүп, шаштырып аткан жокпузбу?..Экономикасы эң начар өлкөдө нааразылыктар сөзсүз болот. А биз канча нааразы болгон менен Кыргыз бийлиги оңолуп кетпейт. А мүмкүн бийликти мактап да көрбөйлүбү, эмне болор экен?.. Бирок сындайлы. Болгондо да аёосуз сындайлы! Мен деле бийликтегилердин кадамын чычкан аңдыган мышыктай аңдыгандардын биримин - эмне кемчилик кетире коёт деп. Президенттин ишине да, ЖоКенин, Өкмөттүн ишине да ыраазы болуп турган жерим жок. Бирок акыйкат үчүн белгилей кетким келет: Өкмөткө карата коомчулукта нааразычылыктар канча жолу болду, бирок Президент өкмөт башын садагага чабууга шашылбаганы мага жагып баштады... Бийлик кээде элдин нааразычылыгынан коркуп деле туура эмес чечимге барган фактылар саясат тарыхында толтура болгон. Менимче, М.Абылгазиев буга чейинки катачылыктарынан абыдан сонун сабак алгандай болду окшойт. Мурунку өкмөт башылар кол койгон келишимдер аны да элге суук тумшук көрсөтүп аткандыр мүмкүн. Так что, жолуң болгурлар, келгиле, сабырдуу, чыдамдуу болууга үйрөнбөйлүбү!

Агер, Мухамметкалый Абулгазиев Фейсбукта сөз аңдып отурган эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм Канышай Мамыркулова айтмакчы... ысык самсы алып берем)))) Позитивдүү коом бололучу, келгиле!

Олжобай Шакир

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83