www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Надира Нарматова: "Кудайга да пара берип коюшканбы?"

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 13:02

Саясат


Надира Нарматова: "Кудайга да пара берип коюшканбы?"

"Өлкөдө адабият менен маданияттан да саясат көп сүйлөнсө, ал өлкө эң артта калган өлкө болуп эсептелет" - деп, бир акылман айткан экен.

Анын сыңарындай, учурда өлкөбүздө 7 жашардан, 100 жашка чейинки адамдар саясат талкуулап, ушул сөзгө ылайыктуу акыбалга кептелдик. Реалдуу жашоонун ачуу чындыгы ушундай.

Кудайдан жашырбаган, бир бирибизден жашырабызбы? Түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да саясатчы болуп, саясатты талкуулайт. Жооптору даяр, комментарий жазып, пост коюп, айласы кеткенде фейктер бир бирине лайк басып, бир бирин колдоп кубаттап, өздөрү койгон постторун кызытышат. Текшерип, фейктерге, коомго терс таасирин тийгизген постторду карап, көзөмөлдөгөн жан жок. Бейбаш, тартипсиз, маданиятсыз болдук да калдык.

Ар бир коррупционер, уурунун, фейктерден түзүлгөн прессборбору бар. Ууруну таза, тазаны ууру, коррупционерди жалаа деп, кылмышкерди жалган, көрө албаганды кылмышкер кылып көрсөтүүчү топтору олтурат. Өзүнөн башкага пайдасы жок.

Коомду булгап, элди экиге бөлүп,жекече абийиирге шек келтирип, түрдүү нерсени ойлоп чыгып, ыплас нерселерди курап, башкаларды каралап, өзүн дүйнөдө жок үлгүлүү, көркөмдүү, сулуу, акылдуу, сүттөн ак, кристалдай таптаза кылып көрсөтүшөт. Аялдар өзүн Кыз сайкал, Курманжан Даткага, эркектер Алымбек Даткага же Манаска теңеп, ал аз келгенсип, эртеңки Президент деп, жарыялатып, кускуңду келтиришет. "Ууру тойгуча жеп, өлөрчө карганат" - дегендей, какайгандары какайган.

"Бок чокуган короздой" мурдун көтөргөндөрү көтөргөн. Фейкттерден түзүлгөн прессборлоруна өздөрүн мактатып эле койсо. Бирөө андай эмес деп койсо же чындыкты айтып койсо, бөчөкө көрүшүп, аарынын уюгундай асылышып, ызылдап эле жатып калышат. Мамлекетке кылган зыяндарынын айынан, саясат күчөп, сызга отурганыбыз менен иштери жок. Чыныгы саясатчы менен катардагы жарандын айырмасы болбой калды.

Тескерисинче чыныгы саясатчылар, элиталар, чиновниктер, бийликтегилер, байкоочулук позицияны карманып, окуп коюп, пысып олтурушат.

Ким саясатчы экендигин аңдап билүү татаал болуп калды. Баарыбыз саясатчыбыз, айырма жок. Кылган коррупциялык иштери, уурулуктары, паракорлуктары, кылмыштары, мыйзамсыздыктарынын айынан дүйнөгө маскара болгонубузду ойлоп да коюшпайт.

Ушулардыкы эле туура. Болбой эле өздөрүн мактатат. Же Кудай жазалап, күнөөлөрүн мойнуна алышпады.

Кудайга да пара берип коюшканбы? Барган жерин булгабасын деп, Жараткан Кудай жактырбай жатабы, түшүнбөйсүң. Башталган кылмыш иштердин акыры же жыйынтыгы жок. Коррупциялык иштер менен системалуу күрөшүүнүн жыйынтыгын күтүп, мойнун созуп, эки көзү төрт болуп, кулагы сереңдеген эле адамдар.

Өнүгүүнүн карааны көрүнбөйт. Күнүмдүк социалдык муктаждыктарды канааттандырган маселеден башка, жылтыраган үмүт шооласы качан жанат? Куру сөз,куру убада,аткарылбаган программалардан иш жүзүнө качан өтөбүз?

Саясатчы болуп, ызылдап, бир бирибизден акылдуусунуп, акыл үйрөтүп, сын тагып, көрүнгөнгө асылып, бирөөнүн айыбын чукулап жатып, талкуулап жүрүп, мамлекетибизди биротоло талкалап албасак эле болду.

Эч ким жооп бербейт. Чыры чуудан башка, белгиленген багыт, тартип, же талап жок. Тооба кылдым. Кайда баратабыз.

ЖКнын экс-вице-спикери Надира Нарматова

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83