www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмаз Акматалиев вице-премьерге даярданып, Акылбек Жапаров куда болуу жолун ойлоно баштады

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 13:28

Коом


Алмаз Акматалиев вице-премьерге даярданып, Акылбек Жапаров куда болуу жолун ойлоно баштады

Бийликте Түштүк-Түндүк маселеси апогейине жетти. Ортодо иш билбеген, тааныштарын гана кызматка койгон кочкорлук сары моңолдор Абылгазиевдин кадыр-баркы нөлгө жетип, вице-премьерлердин бары Түштүктөн болгондуктан, премьерди алмаштырсак, бардыгы Түштүктөн болуп калса Түндүк эли көтөрүлүп чыгат деген ой менен вице-премьерлерди алмаштырып, андан соң премьерге өтө турган болуп калышты өңдөнөт.

Бул ирет курмандыкка вице-премьер Замирбек Аскаров чалынчудай. Түндүктү түрө кыдырып бычакка саптуу жигиттерден экөөнү гана тапты:

  1. Ат-Башынын кулуну, экономиканы чемирчкедей чаккан, азыркы Нарын губернаторун Ак-Талаада аким болуп турганда мурдунан сүйрөп келген Алмаз Акматалиев. Алмаздардын бары алкаш болчу эле, муну сынап көрүшсө, Нарында губернатор болуп турганда кымыздын гана алкашы экен.
  2. Жумгалдын кулуну Кулбараков Абтандил. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы элди үгүттөө ишин жер ортосу деп Жумгалдан баштаган. Кулбараков ишмердүүлүгүн көрсөтүп, орден алууга татыды. Бирок депутаттан башка чоң иштер менен алектене элек. Ушунусу минус болуп Акматалиевке орун бериши мүмкүн.

Жаш кезинен мансап деп жүрүп алжып бараткан, Алмаз мырза вице-премьер боло турган жытын доңуздай сыртынан билген Акылбек Жапаров Алмаз Акматалиевди айланчыктап калыптыр, балким куда болуунун жолун издеп жаткандыр?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83