www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак терек, көк терек, Текебаев кимге керек?

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 14:55

Саясат


Ак терек, көк терек, Текебаев кимге керек?

Текебаев соодалашууга астыртан жол ачкандай болду. Ал реалдуу саясий күчтөр менен да, бийлик менен да кызматташууга даярдыгын билдирди. Мунусу менен “мага “куда” түшө берсеңер болот” дегенсиди.

Аны менен катар өкмөттүн президенттин, парламенттин катачылыгын “көзгө сайгандай айтып тураарын” белгиледи. А мунусу “абайлабасаңар абийириңерди төгөм” деген ишаараттай эле кабылданды. Бирок эксперттер Текебаевдин саясаттан мурдагыдай орун ала албашын эмитеден эле айтып жатышат. Парламенттеги “кан досу” Жылдызкан Жолдошова болсо Текебаевди “бийликти көргө жетелейт” деди.

Ал Атамбаев 2012-жылы парламенттик көпчүлүк коалициядан “Ата Журтту” чыгарып, “Ата Мекенди” киргизүү менен өзүнө өзү өкүм чыгарганын билдирди. “Атамбаевге душмандар жаныңызда, Текебаев сизди көргө жетелейт” дегем. Мен ушул эле сөздү учурдагы президентке айткым келет”, – деди Жылдызкан Жолдошова. Бул тууралуу "Майдан.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83