www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабановдун куйругунан, Абылгазиевдин аялынын куйругуна айланган вице-премьер

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 15:10

Коом


Бабановдун куйругунан, Абылгазиевдин аялынын куйругуна айланган вице-премьер

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аялынын “подружкасы” экенин мурдунан тынгандын бары билет. Ал кызмат даражасынан Бабановдун   коррупциялык тепкичи боюнча жогорулаган. Окуучу байкуш балдарды тиздирип коюп өзү тамак-аш ичип жүрө берген неме анын аркасы менен тизилип турган окуучулардан кулап калгандары болгон. Анын Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда авариялык абалдагы 19 мектеп бар. Ал айрым мектептердин долбоордук-сметалык документациясы даяр экенин, кээ бирлерин куруу маселеси чечилгенин айтты:

- Сауд фондунан бөлүнгөн акчага бир мектеп курулат. Ушуга окшогон иштер болуп атат. Өкмөт эки жылдын ичинде авариялык мектептердин маселесин чечүү максатын коюп атат.

Нарын районунун Кеңеш айылында Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз болгондуктан окуучулардын бир бөлүгү контейнерлерде окуп жатканы катуу сынга кабылган.

 Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим катага жол берген министри кызматынан кеткен Азыр Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83