www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Контейнер мектеп Кайыповдун карьерасын жогорулатты

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 15:19

Саясат


Контейнер мектеп Кайыповдун карьерасын жогорулатты

Бир кызматтан кете албай жатып экинчи кызматка Нарындын мурдагы губернатору илешти.

Аманбай Кайыпов Нарындагы Кеңеш айылына контейнер мектеп курулган ызы-чуудан улам кызматынан алынгандай болгон. Коомчулук ошентип түшүнгөн болчу, эртеңки муундун темирден куралган класста билим алуусуна жол бергени үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү кызматтан алынды дешкен. Бирок кийинки күнү эле Кайыпов өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин чокусуна, тагыраагы жетекчисинин орун басары кызматына чокчойуп отуруп калды. Буйрукка премьер-министр кол койгон.

Контейнер чуусу чыгаары менен “Кайыпов кызматтан кетти” деген маалыматтар жайнаган, бирок мурдагы губернатор “жок, мен ордумда эле отурам” деп чыйпылыктап жиберген эле.

Анан эле унчукпай, өз каалоосу менен арызын жазып таштаган. Көрс, “бул жактан кет, башка жактан жайлуу орун бар” деген макулдашуу көңүлүнө туура келген окшойт, - дейт "Майдан.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83