www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Коррупционер” Калилов эми “Темир жолду” жейби?

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 16:31

Саясат


“Коррупционер”  Калилов эми “Темир жолду” жейби?

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы болуп дайындалганына 20 күндөн ашты.

Буга чейин аталган бөлүмдү Улан Кулов башкарып келген. Эми ал Калиловдун орун басары болуп калды. Мурдагы министр  Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен.

Анын орун басары Азимкан Жусубалиев коррупция беренеисименен 14 жылга эркинен ажыратылган.

Калиловболсо «суудан кургак чыгып», минтип кайрадан «майлуу» дайындалып олтурат. Бизде мына баары ушинтип тескеринен болот… Калиловдун милдети эми Кыргызстан - Кытай - Өзбекстан темиржолун куруу боюнча долбоорду алдыга жылдыруу.

Биздин атка минерлер асфальт жолдон жеген миллиондорго ыраазы болбой, эми темир жолдон да миллион эмес, миллиарддарды жегенге минтип билек түрө киришип турган кези. Ал үчүн бул жаатта тажрыбасы мол адамдарды коомчулук каршы болуп, сын айтып жатканына карабай, жандалбастап алдына-ала керектүү кызматтарга дайындап жаткнадай… Иттики десе. Кызы талактыкы… Бул тууралуу "Багыт.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83