www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдик Курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясын "Ак калпактын" лидери Улукбек Маматаев жетектейт

Кызгалдак Жакыпова 11-сентябрь 2019, 18:00

Саясат


Элдик Курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясын "Ак калпактын" лидери Улукбек Маматаев жетектейт

Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги жыл аягына чейинки иш-чараларын аныктады.

Жума башында Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин Аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өтүп, 2019-жылдын аягына чейинки жасалчу иштер аныкталды. Ага ылайык:

Биринчиден, буга чейин маалым болгондой, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Референдум өткөрүү боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу Жогорку Кеңешке тапшырылган.

Бул маселени аягына чыгуу максатында 5 адамдан турган Аткаруу Комитетинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин спикери Д.Жумабеков менен иш алып барышат;

Экинчиден, жалпы кыргыз журтчулугун бушайманга салган 2019-жылдын 7-8 августундагы Кой-Таш окуясына саясий-юридикалык баа берүү боюнча Коомдук комиссия түзүү демилгеленди.

Анын катарына элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу адамдар тартылат. “Кой - Таштагы трагедиялуу окуялар учурунда атайын кызматтын бир кызматкери каза таап, бир топ карапайым адамдар жаракат алышты.  Бийлик түзгөн комиссияга ишеним жок, анткени, алар өздөрүнө ыңгайлуу чечим чыгарышат. Ошондуктан, жалпы эл ишенген коомдук комиссия түзүү зарылчылыгы түзүлдү. Атайын чечим кабыл алдык. Буюрса, комиссиянын курамы аныкталгандан кийин, бул багытта жигердүү иш башталат”, - дейт Элдик курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясынын бекитилген төрагасы – “Ак Калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев.

Үчүнчүдөн, 2019-жылдын 1-октябрь күнү “Жерүй” маселеси боюнча Таласта уюштурулуп жаткан Элдик Жыйын колдоого алынды. Анда алтын кенинин тагдыры талкууга алынып, бир жаңсыл болору айтылууда.

Төртүнчүдөн, кезектеги Элдик курултай 24-ноябрдан кечиктирилбей өткөрүлөт, буга байланыштуу Аткаруу комитетине тапшырмалар берилди. Бул тууралуу "Майдан.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83