www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Таш окуясы: комиссиянын жыйынына Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов чакырылат

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 10:49

Кылмыш жана кырсык


Кой-Таш окуясы: комиссиянын жыйынына Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов чакырылат

7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, кийинки отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Шаршембидеги жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматын угушту.

Мындан сырткары вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков түзүлгөн эки жумушчу курамын аныктады. Кой-Таштагы окуялардын кесепетинен келип чыккан маселелерди талдоо тобуна Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Баатырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев киришти. Ал эми 7-8-августта болгон окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83