www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 11:36

Расмий кабарлар


Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн — Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун шаардык жана райондук сотуна — 11 талапкер боюнча.

2019-жылдын 5-сентябрында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

8 талапкер боюнча иштин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, Мамлекет башчысы судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 9 талапкер боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

—Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Саадабаева Чынара Муратбековна, Усакпаева Гүлзат Каныбековна;

—Чүй облусунун Москва райондук соту: Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

—Чүй облусунун Панфилов райондук соту: Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна;

—Чүй облусунун Сокулук райондук соту: Кулмурзаев Манасбек Каримович, Самаков Нурмат Талантбекович;

—Чүй облусунун Токмок шаардык соту: Абдырахманов Урматбек Аманович;

—Чүй облусунун Чүй райондук соту: Шаршеева Алтынай Чубаковна;

—Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту: Тажибаев Нурбек Рашидович.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83