www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

Кызгалдак Жакыпова 12-сентябрь 2019, 15:17

Расмий кабарлар


Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Япониянын Элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизденген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан Япония менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул жылдары биз өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдеп, кеңейте алдык. Япония Кыргызстанга демократиялык баалуулуктарды жылдыруу максатында гранттык, кредиттик жана техникалык жардам берип келет. Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Япониянын Элчиси Ёсихиро Ямамура Президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраызычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын өтөгөн жылдары кыргызстандыктардын жана мамлекеттик бийликтин колдоосун жана жакшы мамилесин сезгенин белгиледи.

Ал Элчинин кызматында аткарган жумушу тууралуу кыскача айтып берип, JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл — бир азык» долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Элчи Ёсихиро Ямамура өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, парламенттер аралык, дипломатиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83