www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Жумагүл Райымжан кызынын “Сүйүү бакыты” аттуу ыры тууралуу...

Айдар Нуралиев 14-май 2017, 03:33

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар Маданият


Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Жумагүл Райымжан кызынын “Сүйүү бакыты” аттуу ыры тууралуу...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Биз бүгүн назик үндүү ырчы Жумагүл Райымжан кызынын аткаруусундагы “Сүйүү бакыты” аттуу ыр тууралуу кеп кылабыз. Бул ырды Жумагүл эки жыл мурун аткарып, клиби менен бирге автору Жазира Жанболот кызы деп чыгарган. Бирок, бул ыр казак элине таандык. Тактап айтканда, ырдын автору Ербол Байырбеков. Казакстанда бул ырды Жазира Байырбекова аттуу ырчы айым 2011-жылы “Сен маған сүюді үйреттің” деп аткарып, клибин да жарыкка чыгарууга жетишкен.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Сындап, баалап алчу сиздер урматтуу окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Aigerim Kursanali Kyzy, 16-май 2017, 13:06
бул ыр убагында 2жыл мурун аябай популярдуу болгон ыр го, азыр деле баары суранып ушул ырды угушат го, угушума караганда бул ырды казактардан барып уруксат алып ырдаган. жакында эле Жумагул Раимжан кызы озунун (постторунда жарыялады го) казакстанга коноко чакырылып, ушул ырдын кыргызча вариянтын ырдап келди го, ... Бали Жумагул айым, сизди сыйлайбыз, ырларыныз жагат.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83