www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеңишбек Жумашев Текебаев мактап койгон үчүн камакка алынып, ак жеринен караланып жатабы?

Чынайым Кутманалиева 16-апрель 2017, 12:24

Саясат


Жеңишбек Жумашев Текебаев мактап койгон үчүн камакка алынып, ак жеринен караланып жатабы?

Ушул жылдын март айынын аягында экономикалк кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы "Кыргызнефтигаз" ачык акционердик коомунун төрагасы Жеңишбек Жумашев камакка алынганын жарыялап, ага эки берененин негизинде кылмыш иши  козголгонун маалымдаган. Тагыраак айтканда,  Кылмыш жаза кодексинин 221 (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянатчылык менен пайдаланышы) жана 171-беренелери (ишенип алынган мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча айыпталып, тергөө иштери бүткөнчө №1СИЗОго камакка алынган. Бирок, Жеңишбек Жумашевду жакындан билгендер ага коюлган айыптар суу кечпесин,  ал кылмыш иши козголгондой иштер менен алек болбогонун айтышат. Ошондой эле алар Жеңишбек Жумашев "Кыргызнефтигазга" бийлик алмашканда эле жетекчи боло калбаганын, ал ошол жерде тырмактайынан иштеп, улам бир тепкичке көтөрүлүп отуруп, жетекчилик кызматка жеткен дешет. Кесиптештеринин айтканына караганда, Жеңишбек Жумашев иш десе жеген ашын жерге койгон,  баш оту менен иштеп, мурунку жетекчи Исхак  Пирматов тарабынан жасалма банкротко учураганы жаткан тармакты сактап, өнүктүрө билген мыкты  адис экенин кеп кылышат. Кыскасы,  Исхак Пирматов банкротко учуратууга аракет кылган "Кыргызнефтигазды" Жеңишбек Жумашев кыска убакыттын ичинде көтөрүп,  жумушчулардын орточо айлыгы сегиз жарым миңден 22 жарым миңге жеткиргени үчүн айыпталып, камакка алынып жатабы? Же Жумашевдин ишин Текебаев мактап койгон үчүн "Атамекенчи" болбосо да, ак жеринен караланып, Текебаевдин кадры деген саясаттын курмандыгы болуп  жатабы? 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83