www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орустар ишенген Кытай башкаларга караганда олуттуу оппонент экен

Чынайым Кутманалиева 26-июнь 2017, 21:12

Аналитика


Орустар ишенген Кытай башкаларга караганда олуттуу оппонент экен

Кремлдин былгытмаларынын дүйнөгө салган башаламандыгы чамасы бүткөнү калды бейм. Россиянын кылыктарына жана ага карата болгон Европа менен Американын реакциясына унчукпай көз салып турган Кытай ошолорчоук эле утушка ээ болду.Кытай менен АКШ аскердик кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Андан сырткары АКШ буйрутма кылган 8 танкердин алгачкысын сатып алды Кытайдан, аны Европага суюлтулган газды жеткирүү эле.

Мурдараак Кытайдын Москвадагы мамкеңешчиси Забайкальедеги ири масштабдагы жерге кытай жарандарын отурукташтырууну талап кылган болчу.

Бирок сунуш жакшы эле болчу, себеби  Кытай проектисин ишке ашырууга Россияда кесипкөй адистер жана жумушчу күчү жок да.

Москванын бир катар спецификалык келишимдерге кол коюусунан улам Кытайдын тынч экспансиясына утулуп жатканы байкалат.

Кыталыктардан айырмаланып орустарда  жашыруун экономикалык согуштун тажрыйбасы жок. Орустар ачык эле шантаж жана зордук жолу менен аракет кылышат, мисалы, Европага газ бербей койгон сыяктуу. Андан башкача цивилдүү жол менен таасир этүүгө орустар жөндөмсүз.

Эми Ineos Olefins & Polymers Europ компаниясы жана ага партнёр компания  Evergas аркылуу Кытайдын берген танкерлери менен Европаны этан газы менен 2 жылда толук камсыз кылып, Россияны газ рыногунан кууп чыгышат.

Ал эми өнүгүп келе жаткан эң ири газ рыногун (Индия-Пакистан-Иран) Кытай капкачан эле өзүнө имерип алган, мисалы регионалдык газтүтүктөрү Москвада пландаштыргандай орус-кытай эмес, пакистандык-кытайлык болуп курулат.

Кытай өзүнүн рыногуна Россияны киргизейин деген ою жок. Бул ачыктан ачык газ рыногун бөлүштүрүү болуп жатат, бул процесс көп болсо 2020-жылга чейин созулушу мүмкүн.

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83