www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асранкул Жээнкулов "Биз биргебиз" кайрымдуулук акциясын баштады

Гүлжан Шерипбаева 19-апрель 2017, 02:29

Коом Кайрымдуулук


Асранкул Жээнкулов "Биз биргебиз" кайрымдуулук акциясын баштады

Урматтуу Кыргыз өлкөсүндө жашаган, иштеген ага эжелер, кесиптештер, чет жерде иштеген туугандарым.  Айрымыңыздар мени таанып, кээбириңер билип, дагы бирлериңер көз тааныш, сөз тааныш болуп жүргөнүбүз чындык. Саясаттагылар орун талашуу акча талашуу бирин камоо бирин жемелөө менен алектенип жатканданда мен майыптарга, унутулган маданият өкүлдөрүнө, кары кемпир чалдарга, жетимдик даамын таткандарга өзүм майып болсом да коляскада жүрсөм да жардам берейин деп былтыркы жылдан баштап кайрымдуулук иш чараларын баштап жардам берип жатам.

Быйыл да бул саамалыкты колго алып өзүмдөй баса албай же чамасы жок бирок колунда өнөрү бар инсандарга майыптар арабасы менен камсыздайын деп, сиздерге уулунар, иниңер, досунар катары кайрылып "Биз биргебиз" кайрымдуулук акциясына тыйын жыйнайын деп чечтим.

Аллах ыраазычылыгы үчүн кайда болсоңор да эгер колунардан келсе жардам бересиңер деп үмүт кыламын. Депутаттар бизди укпаса, балким кыргыз калкым угар, бул кайрылуума кошуп менин эмгек жолумдагы таанымал инсандарды коштум себеби мен аларга жетип таанылуумда түрдүү кыйынчылыктарга кезиккем, учурда жакшы эле башым саясатта, маданиятта, теле радиодо көрүнүп калгандыктан мен бул иш чараны баштадым. Келгиле, көп түкүрсө дебейин көл кылбасак да ошол жардамга муктаж инсандардын бир оорун жеңил кылалы. Алар өз жашоосун оңдоп алууга шарт түзөлү.

Сиздерди терең урматтом менен Асранкул Жээнкулов

Байланыш тел:0779 012121

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83