www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Үч улуттун талашына түшкөн “Махабатым сен” аттуу ыр тууралуу...

Гүлжан Шерипбаева 14-май 2017, 03:32

Маданият Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Үч улуттун талашына түшкөн “Махабатым сен” аттуу ыр тууралуу...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумада биз Темирлан Өмүрбековдун аткаруусундагы "Махабатым сен" аттуу ыр тууралуу кеп козгойбуз. Темирландын аткаруусундагы ыр, клиби менен жарыкка чыгаар замат коомчулук бул ырдын плагиат экенин дароо билишти. Себеби, бул ырды казак ырчысы Гадилбек Жанай “Ханшайымым-ау” деп аткарып, өз элинде эле эмес биздин өлкөдө да өз угармандарын тапкан. Клибин “YouTube” желесинде 2 030 609 көрүүчү топтогон. Бирок, биз атап өткөн эки аткаруучу тең авторлорун билбейби же плагиат ыр экенин ачыкка чыгаргылары келбейби айтор ырдын авторлору тап такыр эле башка адамдарды айтып жүрүшөт. Темирлан казак ырчысынын ырдоо стилин, клибин да туурабастан, ырдын автору Гадилбек Жанай деп бизди таң калтырды. Биз көп нерсени ачыкка чыгарабыз. Себеби, бул ырдын түпкү нускасы армян элине таандык. Тактап айтканда, 2011-жылы Арменияда Рипсиме Акопян аттуу ырчы айым аткарып чыккан “Тароринак” аттуу ыр. Ырдын сөзүн- Ваграм Петросян жазса, обонун Ричард Мадленян аттуу композитор жазган.

Төмөндө ырдын үч варианты тең бар. Ырларды тыңдап, бир чечим чыгарып ала турган сиздерсиздер урматтуу окурмандар! 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83