www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Элиза Орозова “Курбулар” аттуу ырын кимден уурдап алган?

Майрамбек Каримов 14-май 2017, 03:32

Маданият Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Элиза Орозова “Курбулар” аттуу ырын кимден уурдап алган?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы каарманыбыз айдай сулуу ырчы айым Элиза Орозова. 2015-жылы анын аткаруусунда жарыкка чыккан “Курбулар” аттуу ыры радио толкундарда көп ирет жаңырды. Ырдын клиби бүгүнкү күндө да алдыңкы музыкалык телеканалдарда көрсөтүлүп келет. Ыр жарыкка чыккандан бери Элиза ырдын автору “Мирлан Абдыраев” деп айтып келет. Ырчы айым ырдын плагиат экенин чынында билбейби же билсе да билмексен болобу? Балким, Мирлан бул ырды жазганда ырдын плагиат экенин Элизага эскерткен эмеспи айтор, белгисиз...

Ырдын түпкү нускасы румын элине таандык. Тактап айтканда, ырдын автору “Mandinga” тобу. Бул ырды “Mandinga” тобу 2012-жылы “Zaleilah” аталышында жарыкка чыгарып,  хитке айлантып, “YuoTube” желесинде 29 885 900 көрүүчүнү топтогон.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, салыштырып, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83