www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайырбек Орунбеков, журналист: "Азиялык арстандар от күйгөн фронтто фашисттик Германиянын чабуулун токтоткон"

Майрамбек Каримов 09-май 2017, 00:46

Коом Куттуктоолор


Дайырбек Орунбеков, журналист: "Азиялык арстандар от күйгөн фронтто фашисттик Германиянын чабуулун токтоткон"

Дүйнө элин кайгыга салган экинчи дүйнөлүк согуштун жеңиш менен аяктаганына 72 жыл толушу менен баарыңыздарды куттуктайм. Жер жүзүн каптаган апааттын токтошуна салым кошкон баатыр аталарыбыздын каармандыктарына терең таазим кылам. Бул тууралуу маалыматты Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Россия, Украина, Белорусия элинин аймактарын коргоодо Орто Азиянын кыргыз, өзбек, тажик жана казак элдеринин салымы зор. Азиялык арстандар от күйгөн фронтто алдыңкы катарда жүрүп, фашисттик Германиянын чабуулун токтоткон.

Тилекке каршы бүгүн биздин ата бабабыз аймагын коргогон Москвада айрым кем акыл орус фашисттери, улутчул такыр баштары экинчи дүйнөлүк согушта каармандык менен согушкан баатыр ыргыз, өзбек, тажиктердин урпактарына кордук кылып, мигранттарды уруп сабап жатканы өкүнүчтүү.

Урматтуу замандаштар! Жер жүзүндө согуш апааты болбосун! Атылган октун үнүн угуп наристе, баласын жоготуп энелер ыйлабасын. Жолдошун күтүп асыл жарлар жалгыз калбасын! Учурда болуп жаткан согуш апааттары токтоп, дүйнө элдеринин ортосунда достук, ынтымак жана сүйүү болсун.

Мекенибизде жакшылык, кут береке болуп, элибизди жакшылык жандасын. Баатыр аталарыбыз алып келген улуу жеңиш түбөлүк тынчтыктын урагсы түркүгү болсун!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83