www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев "Азаттык" боюнча доо арыздарды артка алууну сунуштады.

Перизат Кутманалиева 12-май 2017, 15:19

Саясат Коом Дүйнө жүзүндө Борбордук Азия жаңылыктары Редакциянын тандоосу


Атамбаев "Азаттык" боюнча доо арыздарды артка алууну сунуштады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокуратурасына «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштады.

Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда "быйыл 30-мартта «Эркин Европа/Эркиндик Радиосу» медиакорпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу болгону, окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланганы" айтылат.

Президенттин маалымат кызматы "ал жолугушуудан берки мезгилде «Азаттык» радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда теӊ салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оӊ көрүнүштөр болду. Көптөгөн эксперттер «Азаттык» радиосунда окуяларды чагылдыруу сапатынын артканын белгилеп жатышат. Эркин журналистиканын жана сөз эркиндигинин принциптерин сөз жок сактоо менен катар «Азаттык» радиосунда эфирге жана интернет-сайтка материалдарды даярдоодо редакциялык саясатты бекем кармануу жагында, анын ичинде талаштуу жерлерди алдын ала системалуу түрдө укуктук талдоого алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү" деп кабарлайт.

Айрым массалык маалымат каражаттары "президенттин ар-намысын жана абийирин булгаган жалган маалыматтарды тараткан" деген негизде өлкөнүн Башкы прокурору «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын алкагында доо арыздарды берген. Жоопкерлер арасында «Эркин Европа/Эркиндик» Радиосунун» кыргыз кызматы - «Азаттык медиа» мекемеси да бар болчу.

«Эркин Европа/Азаттык Радиосу» медиакорпорациясынын президенти Томас Кен сот жараяндарын токтотуу боюнча чечимге канааттанганын билдирди. ”Кыргызстандагы маалымат айдыңында "Азаттык” радиосу маанилүү ролго ээ. Биз калыс, көз карандысыз жаңылыктарды чагылдыруу боюнча миссиябызды улантууну чыдамсыздык менен күтөбүз”,–деди Кент.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83