www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Климакс башталганда аялдар ачуулу болуп калабы?

Перизат Кутманалиева 16-май 2017, 12:07

Ден-соолук Коом


Климакс башталганда аялдар ачуулу болуп калабы?

Кан алып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттерден алдын алса болот. Мисалы, аялзаты 40-45-50-55 жаштарда климакс болот. Ошол учурда жана андан кийин жок дегенде жылына бир жолу кан алдырып турушу керек. Антпесе этек кири токтоп калгандан кийин айына эки-үч күн этек кири келчү маалда аялдар буулугуп, ачууланып, өзүнө батпай, каардуу болуп калышат. Ошол учурда кан алдырса жеңилденип организм тазаланып, баягыдай каардуулуктун бири жок болуп калат.

Акыркы күндөрү өттө таш пайда болуп же боору катып калды деген учурлар арбын кездешип калды. Анын баары организмдеги жаман кандардын чыкпаганынан болуп жатканын көпчүлүк элес ала беришпейт. Кан коюланып, майда кан тамырларга кан жетпей калып, инсульт, инфаркт деген оорулардын өөрчүшүнө, алардын тездешине шарт түзүп жатканын сезишпейт.  Кан алуу кытай медицинасында колдонулбаганы менен элдик медицинасында, тибет медицинасында дээрлик колдонулат. Адамдар кайгырып, же кыжаалат болуп, нерв системасы бузулганда кан бузулуп, дене кычышып, денеде курттар жыбырап жүргөндөй туюлат. Ошол учурда бузулган кандарды албаса, эч бир медицина сакайта албайт, деп элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев билдирди. 

Булак: "NazarNews"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83