www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда операция маалында мушташып кеткен хирургдардын видеосу тарады

Махабат Алымбекова 19-май 2017, 10:35

Дүйнө жүзүндө


Кытайда операция маалында мушташып кеткен хирургдардын видеосу тарады

Мушташты биринчи аял дарыгер баштап, эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн доктур жооп иретинде кесиптешин бир нече ирет чапкылап ийген. Кытайдын ооруканаларынын биринде хирургдар ортосунда мушташ чыгып кеткен. Окуянын видеосу Shanghaiist маалымат порталынын Facebook баракчасына жарыяланды. Операция залында аял жана эркек дарыгерлердин ортосунда пикир келишпестик жаралып, аял эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн эркек кесиптешин бир нече жолу согуп салган. Алардын ортосуна башка дарыгерлер арачага түшкөн. Порталдын маалыматына ылайык, окуя Хэнань облусунун Ланькао шаарынын ооруканаларынын биринде катталган. Полиция кызматкерлери клиниканын жетекчилиги менен бирге окуянын чоо-жайы боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Видео ушул шилтеме аркылуу көрө аласыздар https://www.facebook.com/search/top/?init=quick&q=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fshanghaiist%2Fvideos%2F10155758988001030%2F&tas=0.7504324706369763


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83