www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Айчүрөк Иманалиева: “Анжелика, уялсаң боло кичине? Наглыйлыктын чеги болот... Иии пожалуйста... научись петь!”

Гүлжан Шерипбаева 19-май 2017, 11:41

Маданият


ВИДЕО - Айчүрөк Иманалиева: “Анжелика, уялсаң боло кичине? Наглыйлыктын чеги болот... Иии пожалуйста... научись петь!”

КРнын Эмгек Сиңирген артисткасы Айчүрөк Иманалиева менен анын шакирти ырчы айым Анжеликанын ортосундагы конфликттерге чекит коюла элек өңдүү. Себеби, кечээ күнү Айчүрөк айым өзүнүн социалдык баракчасына Анжеликага болгон нааразычылыгын төмөндөгүчө жазып чыкты.

“Негедир Анжелика аша чаап кеткен жоксунбу? Жети жашыңдан мага берди сени... тияк-бияк текшерилип баары норма болгон соң. Балдарымдын ырыскысын сени менен тең бөлүштүм. Бата менен алып кеткен соң, элге калп болбой аягына баштаган ишти чыгарайын дедим. Сахнага жүрүш- туруш, кыймыл аракет баарын үйрөттүм. Клиптериңди тарттырдым... Ырларыңды жаздырдым баарын өзүм төлөп. Биринчи концертиңди жасадым Кыргыз драм театрына. Билеттин баарын тараттым тааныш туугандарга 100 сомдон. Кассага 50 жана 70 гана калтырдык. Искуственный аншлак кылдым. Аты сага калды. Айтайын дегеним менин “Махабат көлү” деген ырымды бир ооз сурабай кашкаңдап ырдап алганыңа жол болсун. 35 жылдык юбилейлик концертке ал ырды Аэлитага даярдап жатабыз. “Жар жарды” го устатың катары бир ооз сурап койсоң жок демек эмесмин. Репертуарыңдагы ырларды кандай кана кыйынчылыктар менен жаздыргам и баарына төлөгөм ушул убака чейин ырдап жүрөсүң. Уялсаң боло кичине ? Наглыйлыктын чеги болот деп ойлойм. Ыйык сахнаны таанытып, атыңды чыгарган... энендей болгон мага... устатыңа атаандашканыңа жол болсун. Үй-бүлөм, мага болгон кол салуулар эч качан унутулбайт Ажелика! Унчукпадым сага, теңелбедим...... канча жыл өттү. Бирок, мен ырдаган ырларды жула калбай эле койсоң болмок. Адамча бир ооз сурап койсоң болот беле?. Кимдерге ишенип мага мындай мамиле кылып жатасың? Молодость пройдет Анжелика.... а позор өмүр бою кала берет. Иии пожалуйста... научись петь!”

Ал эми бул постко Анжеликаны жооп кайтарган жок. Анын ордуна апасы Гүлина айым төмөндөгү жооп кайтарды: “Айчүрөк эмес, Элиза ырдаган ыр ой! Эй, Айчүрөк! Что ты опять начинаешь! Түрмөгө сабаган балдарды каматпайт белең! Былтыйып акча алып отказной жазбай! Менин кызымдын бир процент да күнөөсү жок экенин доказала же ведь! Аэлитаң менен каргаңганыңды унутпа! Кудай бар. Эсиң барда этегиңди жый! Намазга турган элем! Кел сүйлөш бекинбей! Ушак сүйлөгөнүңдү койбодуң го деги! Күйөөң экөөң Анжеликанын дүкөнүнө до сих пор 90 000 карызыңды унуттуңбу? Беш ыр жазып берипсиң 10жылда! 200 000 миң берди го Сапар, Авлан байкеңдин көзүңчө! Туулган күнүңдө салонуна эшиктериңди ким коюп берди? Да все уже! Болдучу эй! Күйөөң компьютерщик, калп аттарды ачып алып жаш балдардын ишин кылганың уят! Анжеликанын сольный биринчи концертинде мен билет сатып, акчасын бир сомуна калтырбай бердим эле го! Эмне деп жатасын? Кызыма жол утрене он сом бербей ыйлаткансын! Байкушум, азыр да болсо коюңузчу мама деп турат! Лакыйган кишилерге 16 жашында тааныштырып эмне кылайын дедиң эле?! Сатып койгон жеринен Урмат ала качып кеткен! Сен менен жүргөндө акыры жок кылмаксың! Жөн жүр! Айтчу сөз толтура!Толду уже!”

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (6)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азатбек Элебесов, 17-июль 2017, 23:18
Тойго ырдап койгон эки эски ыр үчүн ушунча сыр-борбу?!))) Ужас-сс!.. Акча нелерди кылбайт... - болуп атабы... Акчага кул болуунун арты ушундай экен да, өкүнүчтүү.
Жаркын Аймамбетова, 04-июнь 2017, 00:07
Буга чейин кыргыздын жылдыздары деп билчибиз.Жеке чыр-чатактар мурда элге жарыя кылынчу эмес.Белгилүү адамдардын сыр сандыгы ачылбай калганы дурус.
Жаркын Аймамбетова, 04-июнь 2017, 00:00
Жанында жүргөн киши жок,мунун чын-төгүнүн кайдан билели.
Болсун Мамасалиев, 22-май 2017, 21:12
Кыргыздар эч койбойт экенбизда бир бирибизди чукуганыбызды
Динара Мусаева, 22-май 2017, 08:18
Анжелика конул бурба мунун баары сенин жашоонду жана жетишкендиктеринди короалбастык. Айчурок эмне болуп калган
Айка Тольба, 20-май 2017, 22:39
Кандай болгон кундо да Айчурок туурасын айтыпатат.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83